Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:32
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август
Нижнекамск шаарындагы дрон соккусунан кийинки коюу түтүн. 10-август

Татарстандагы дрон чабуулу: Өзбек жана тажик мигранттары жабыркады

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:46 25.7.2026

Орусиянын кеминде эки аймагы 25-июлга караган түнү Украинанын дрон чабуулуна кабылганы кабарланууда.

Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.

«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», — деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, жараат алгандар тез арада ооруканаларга жеткирилди. Шуваев жабыркагандардын санын айткан жок.

Украиналык Exilenova мониторинг каналынын маалыматы боюнча, Белгороддо логистикалык кампалар жана энергетикалык инфраструктуранын объектилери — "Южная" көмөкчордону жана "Луч" жылуулук электр станциясы жабыркады.

Ростов-на-Дону шаарындагы социалдык медиа колдонуучулары да калаага чабуул болгонун билдиришти. Мэр Александр Скрябин соккуларды тастыктады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Жергиликтүү тургундар социалдык түйүндөргө өрт чалган жерлердин сүрөт-видеолорун жарыялап жатышат.

Өткөн түнү Саратов облусунун Энгельс шаарында да ири өрт чыкты. Exilenova долбоору өрт аскердик аэродромдун жанында жайгашкан бомбалоочу авиация дивизиясынын штабында тутанган деп эсептейт.

Жалпыга маалымдоо каражаттары 16-июлдун түнүндө ошол эле аэродромго учкучсуз учуучу аппараттын чабуулу болгонун жана Орусия Украинага каршы колдонгон Ту-95МС стратегиялык бомбалоочу-ракета ташуучу учагы жарактан чыгарылганын жазышкан.

Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу башталгандан бери Энгельстеги аэродром бир нече жолу учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулуна кабылды.

11:45 25.7.2026

25-июлга караган түнү Украинанын Сумы аймагында орусиялык дрондун чабуулунан каза болгондордун саны экиге жетти. Бул тууралуу аймактык администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

Анын Telegram каналында жарыяланган маалыматка караганда, оор жараат алган адам өзүнө келе албай каза болду. Андан мурдараак Григоров жана Сумынын мэри Сергей Кривошеенко почта бөлүмүнө жасалган соккудан бир адам көз жумганын билдиришкен.

Кривошеенко дрондор дагы бир май куюучу жайга тийип, өрт чыкканын жана Сумынын Ковпаковский районундагы супермаркеттин чатырына түшкөнүн жазган.

Ал эми Запорожьеде Орусиянын дрон чабуулунан чекене соода жайы өрттөнүп кеткенин аймактык администрациянын башчысы Иван Федоров социалдык медиада билдирди. Анын айтымында, 63 жаштагы киши жараат алды.

Ишембиге караган түнү учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын Орусия да билдирүүдө.

Белгород облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Шуваев социалдык медиада украиналык дрондордун катуу соккусу тууралуу тараган көптөгөн маалыматтарды тастыктады.

«Айрым көчөлөр зыянга учурады, өрт чыгып жатат, аларды өчүрүү аракети көрүлүүдө. Атайын күчтөр ишин улантууда», - деп жазды Шуваев. Анын билдиришинче, «жараат алгандар тез арада ооруканаларга жеткирилди». Шуваев жабыркагандардын санын айткан жок.

Белгороддогу жергиликтүү Telegram каналдар кампага, электр көмөкчордондоруна жана башка жерлерге дрон тийгенин, кээ бир жерде жарылуу болгонун жазып жатышат.

Украинанын аба күчтөрү 24-июлда Киев аймагы үч "Искандер-М/С-400" баллистикалык ракетасы, Одесса эки "Оникс" кемеге каршы ракетасы менен бутага алынганын билдирген.

11:45 25.7.2026

Киев аймактык аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Олийник "25-июль Киев облусунда аза күтүү күнү. Киев облусу дагы бир орусиялык чабуулда курман болгондор үчүн башын ийип аза күтөт", - деп жазганын Би-би-Си кабарлады.

Маалыматка караганда, Украина бийлиги Киев облусундагы "менчик полигонго" урулган орусиялык ракеталык соккудан кеминде 10 адам каза болуп, дээрлик 100 адам жараат алды. "Шалаакылык" деген негизде кылмыш иши козголду.

Орусиянын Коргоо министрлиги сокку дрон сыноочу жайга багытталганын билдирди.

Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Соңку кезде украин бийлиги учкучсуз учактар өндүрүшүн күчөтүп, Орусиянын Украинага каршы сокку уруу дареметин жеринде алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтууда.

11:45 25.7.2026

АКШнын жана Украинанын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусу 28-июлда Вашингтондо өтөрү пландалууда. Бул тууралуу Reuters Ак үйдөгү булактарына таянып жазды.

Басылманын украиналык булагы Зеленский АКШ сапарына кызыкдар экенин, бирок анын командасы Трамптын иш графигин Ак үй тастыктап беришин күтүп жатканын билдирди.

Зеленский 22-июлда АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана кеңешчиси Жаред Кушнер менен телефондон сүйлөшкөн. Axios басылмасы анда "согушту токтотуу боюнча дипломатияны күчөтүү тууралуу сөз болгонун" жазган.

Сүйлөшүүлөр өткөнүн кийинчерээк Зеленский да ырастаган. Ал "дипломатияны күчөтүү, тынчтыкка жакындоону талкуулаган маанилүү сүйлөшүү" болгонун билдирген. Ошону менен катар украин жана америкалык командалар бири-бири менен тыгыз байланышта экенин, чогуу иштөөнү улантарын кошумчалаган.

Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков тынчтык жолу менен жөнгө салуудан майнап чыкпаса Москва өз максаттарына аскерий жол менен жете турганын кайталаган.

Песков «Вести» программасына курган маегинде Трамптын администрациясынын саясатын «эки жүздүүлүк» деп айыптаган. Вашингтон бир эле учурда тынчтык жолу менен жөнгө салууга көмөктөшүүгө аракет кылып, ошол эле маалда Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууда деген. Ошол эле учурда ал Трамп согушту токтотуу жолун чын дилинен издеп жатканына ишенгиси келерин кошумчалаган.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда Трамп менен Путиндин былтыр августта Аляскадагы жолугушуусунда талкууланган сунуштар тынчтык жолу менен жөнгө салууга алып келбегенин билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG