Орусия 4-августка караган түнү Украинанын аймагын "Искандер-М" баллистикалык ракеталары жана 136 аскердик дрон менен бутага алганын, учкучсуз учактардын 117син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Сумы шаарында 5 жана 10 жаштагы эки кыздын, ошондой эле улгайган бир аялдын өмүрү кыйылганын аймактын башчысы Олег Григоров кабарлады. Анын айтымында, орус аскерлери шаардын жарандык инфраструктурасына башкарылуучу алты авиабомба ташташты.
"Кыздардын сөөгүн уранды астынан алып чыктык. Оор түн болду, өтө оор кесепеттер. Турак үйлөр талкаланды", – деп жазды ал.
Мындан тышкары төрт киши жараат алганы кабарланды.
Днепропетров облусунун Павлоград районунда, облустук администрация башчысы Александр Ганжа билдиргендей, эки киши жараат алды, бир нече үй кыйрады.
Одесса облусунда да Орусиянын жеке турак жайга урган соккусунан эки жергиликтүү тургун жараат алганын Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы маалымдады.
Николаев облусунда 89 жаштагы аялдын өмүрү кыйылганын, дагы жети киши жараат алганын жергиликтүү бийлик маалымдады. Жабыркагандардын экөө 2 жана 12 жаштагы кыздар экени белгилүү болду. Үйлөр, автомашиналар зыянга учурады.
4-августка караган түнү Москва жана Ленинград облустары Украинанын дрон чабуулуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Москванын губернатору Андрей Воробьевдун айтымында, Чехов муниципалдык округундагы Новоселок өндүрүш аймагында 10 киши жабыркады. Жетөөнүн абалын дарыгерлер орточо, дагы бир кишиникин оор деп мүнөздөп жатышат.
Андан мурдараак аталган аймакта кеминде беш киши каза болгону, дагы алтоо жараат алганы, кампада өрт чыкканы кабарланган болчу.
Электр көмөк чордону, административдик имарат жана жеке турак жай зыянга учурады.
Чехов шаарында бутага Wildberries компаниясынын кампасы алынганын Astra басылмасы күбөлөргө таянып жазды. Ушундай эле маалыматты украиналык Exilenova+ Telegram каналы да жарыялады.
Ленинград облусунда да, губернатор Александр Дрозденко билдиргендей, кампа аймагына зыян келтирилди, бир адам жабыркады.
Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы маркетплейстин Красный Бордогу логистикалык объектине чабуул жасалганын маалымдап, анда өрт чыкканын билдирди.
Компаниянын өкүлдөрү жабыркагандар жок экенин айтып, объекттеги кызматкерлер алдын ала эвакуацияланганын белгилешти.
Telegram каналдарында Красный Бордогу күйүп жаткан Wildberries кампасынын видеолору жарыяланды.
Украинанын Киев облусунун Бровары районунда украиналык Rozetka маркетплейсинин кампасына сокку урулду. Аталган компания 2-августка караган түнү кампага эки дрон тийгенин, жабыркагандар жок экенин кабарлады.
1-августта да компаниянын кампасына чабуулда бир киши каза таап, жетөө жараат алган.
2-августта Харьковдогу Коротыч кыштагында почта терминалы соккуга кабылды. Харьков облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун билдирүүсүндө, жүк ташуучу машинелер, контейнер жана башка жабдыктар күйүп кетти. Жергиликтүү Телеграм каналдар сөз "Новая почтанын" терминалы тууралуу жүрүп жатканын билдиришти. Соккудан бир киши каза болгон.
Орусиянын армиясы 2-августка оогон түнү Украинаны жалпы 133 дрон менен аткылаган. Украинанын армиясы 109 дрон атып түшүрүлгөнүн, 24ү 19 жерге тийгенин маалымдаган.
Ал эми жекшемби күндүз Орусия Запорожьени эки ирет башкарылуучу авиабомба менен аткылады. Запорожье облустук аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоровдун маалыматына караганда, жер тамга тийген соккуда бир киши каза таап, экөө жараат алды. Шаарда көп кабаттуу турак жайга авиабомба тийип, 30дан ашык киши жараат алды.
Федоров Запорожье аймагында жалпы сегиз авиабомба ташталганын кошумчалады.
Запорожье дээрлик күн сайын Орусиянын авибомбалык соккусуна кабылып келатат.
20-июлдагы беш кабаттуу үйгө чабуулда 11 жаштагы кыз каза болгон. Андан кийинки күнү көп кабаттуу турак жайга сокку урулганда үч кишинин өмүрү кыйылган.
Украинанын учкучсуз учактары 2-августта Орусиянын Wildberries компаниясынын Самара шаарынын четиндеги Новосемейкинов кыштаганда жайгашкан кампасына сокку урду.
Соккудан кийин кампа өрттөнүп жатат.
Чабуул жана өрт болгонун Wildberries компаниясы жана Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев ырастады.
Украиналык Supernova+ жана Еxilenova+ Телеграм каналдары жергиликтүү тургундардын кыштакта кампага соккудан кийин коюу түтүн асманга көтөрүлүп, күйүп жатканы тартылган видео-сүрөттөрдү жарыялады.
Бул июлдун ортосунан бери украиналык дрондордун соккусуна кабылган маркетплейстин тогузунчу кампасы.