Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53
Киев аймагы. 2026-жылдын 8-августу.
Киев аймагы. 2026-жылдын 8-августу.

Орусиянын Украинага соккулары киши өмүрүн кыйды, 20дан ашууну жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:02 6.8.2026

Украинада Орусиянын кезектеги соккуларынан бир нече аймакта адамдар каза болду

6-августка караган түнү Орусия Украинага каршы кезектеги жапырт чабуулдарын улантып, бир нече облуста адамдар каза болду, ондогон тургун жараат алды. Ошондой эле жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтирилди.

Харьков облусундагы Балаклея шаарында орус күчтөрүнүн чабуулунан үч адам каза болду. Шаардык аскердик администрациянын башчысы Виталий Карабановдун айтымында, соккулардын бири жеке турак үйгө тийип, бир аял набыт кетти. Ал жерде өрт чыгып, куткаруучулар урандыларды тазалап жатышат. Дагы бир соккудан бир эркек жана бир аял каза тапты.

Ошондой эле Харьков облусундагы Лозовая шаарында темир жол станциясы учкучсуз учуучу аппараттар менен бутага алынды. Облустук аскердик администрациянын жетекчиси Олег Синегубовдун маалыматына караганда, эки эркек киши каза болуп, сегиз адам жараат алды. Жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор деп мүнөздөлүүдө.

Сумы шаары жалпысынан төрт башкарылуучу авиациялык бомба менен бутага алынды, 12 адам жабыркады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Григоровдун билдиришинче, көп кабаттуу үйлөр, административдик имараттар жана инфраструктуралык объектилер зыянга учурады.

5-августтун кечинде Одесса районундагы чабуулдан жети турак жай жана бир нече автоунаа зыян тарткан. Бир адам жараат алганын Одесса облустук администрациясынын жетекчиси Олег Кипер билдирген.

Ал эми Запорожье шаарында, баштапкы маалымат боюнча, төрт адам жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын билдирүүсүндө тогуз кабаттуу турак үйдүн чатырынын бир бөлүгү талкаланып, жарылуунун толкуну коңшу үйлөргө да зыян келтиргени айтылды.

13:14 5.8.2026

Украин бийлигинин расмий маалыматына караганда, Киев шаарына жана Киев облусуна жасалган 5-августтагы Орусиянын жапырт ракета-дрон чабуулунан кеминде 17 адам каза болуп, 44 адам жараат алды.

Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, бул түнү орус аскерлери сокку үчүн 24 баллистикалык ракета, канаттуу Zircon/Onix ракеталарынан төрттү, ошондой эле 115 учкучсуз учуучу аппарат колдонду. Айрым дрондор реактивдүү экени маалым болду.

Негизинен бутага жарандык ишканалардын кампалары, инфраструктуралык объекттер жана темир жол станциясы алынганы айтылды.

Зеленский өнөктөш өлкөлөргө кайрылып, баллистикалык ракеталарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү каражаттар көбүрөөк керек болуп жатканын, мындай куралдын жетишсиздиги адам өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатканын айтты.

10:32 5.8.2026

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын (ГСЧС) маалыматына караганда, Киев облусунда (Киев шаарын кошпогондо) Орусиянын 5-августка караган түнкү соккуларынан 15 адам каза болуп, дагы 27 киши жаракат алды.

ГСЧСтин бөлүмдөрү учурда Бровары районундагы төрт объектте, Буча районундагы эки жана Фастов районундагы бир объектте куткаруу иштерин жүргүзүп жатканын Би-Би-Си кабарлады.

Мекеме ошондой эле кампа имараттарында ири өрт чыкканын билдирди. Тактап айтканда, Бровары районундагы төрт жана Буча районундагы эки объект өрттөнгөн.

10:29 5.8.2026

5-августка караган түнү Орусиянын армиясы Украинага кайрадан абадан жапырт чабуул коюп, Киевди баллистикалык ракеталар менен аткылады. Бир катар аймактарда өрт чыгып, имараттар зыянга учурады.

Киев шаарынын мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, үч райондо турак эмес имараттарга зыян келтирилди. Голосеев районунда жеке турак үй урап, анын алдында адамдар калып калышы мүмкүн экени айтылды.

Киев шаардык аскердик администрациясынын баштапкы маалыматына ылайык, чабуулдан бир киши каза болуп, кеминде 12 адам жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы жабыркагандардын саны 15ке жеткенин билдирди.

Киев облусунда да жоготуулар катталды. Облустук аскердик администрациянын маалыматы боюнча, Буча районунда бир адам каза болуп, жалпы 21 жайкын тургун жараат алды.

Чабуулдан кийин Бровары районунда логистикалык жана кампа комплекстеринде, өндүрүш ишканаларында жана соода объектилеринде өрт чыкты. Буча районунда логистикалык борборлор жабыркаса, Фастов районунда ишканалардын биринде өрт тутанган.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү ошол эле түнү Одесса, Запорожье, Днепропетровск, Харьков жана Николаев облустары да ракета, дрон чабуулдарына кабылганын маалымдады.

Украин бийлиги соңку айларда Орусия баллистикалык ракеталык чабуулдарын көбөйткөнүн белгилеп келет. Президент Владимир Зеленский буга америкалык Patriot абадан коргонуу системалары үчүн ракеталардын жетишсиздиги себеп болуп жатканын билдирген. Киев баллистикалык ракеталарды атып түшүрүүдө негизинен ушул комплекстерди колдонуп келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG