Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен соккуларына жооп катары Израилге ондогон ракета учурду. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу күчтөрү (IDF) билдирди.
"Бир аз убакыт мурун IDF Ирандан Израил мамлекетинин аймагына ракеталардын учурулганын аныктады. Абадан коргонуу системалары коркунучту токтотуу үчүн иштеп жатат", - деп жазылды мекеменин X социалдык түйүнүндөгү баракчасында.
Санарип укуктарды жана байланышты көзөмөлдөөчү Netblocks уюму Иранда азыр "интернет дээрлик толугу менен өчүрүлүп жатат" деп билдирди.
Өткөн айда Иранда интернетке кирүү бир нече жумага созулган кандуу нааразылык акциялары учурунда да токтотулган. Укук коргоочулар бул кадамды өкмөткө каршы демонстрацияларды басуу учурунда Ирандын коопсуздук күчтөрү жасаган кылмыштарды жаап-жашыруу аракети деп аташкан.
Иран Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерин бутага алып жатканы кабарланды
AFP агенттиги Катардын бийлигине шилтеме кылып Ирандан учурулган ракета өлкөнүн аба мейкиндигинен кармалганын жазды.
Бир катар дүйнөлүк маалымат агенттиктеги Бириккен Араб Эмирликтеринин аба мейкиндиги убактылуу жабылганын билдиришти.
Мунун алдында Бахрейнде жарылуулар болгону тууралуу кабарлар чыккан эле.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху соңку окуяларга байланыштуу элине кайрылуу жасады.
Ал Иранга каршы чогуу операция баштаганы үчүн АКШнын президенти Дональд Трампка “тарыхый лидерлиги” үчүн ыраазычылык билдирди.
“Бир нече убакыт мурда Израил менен Кошмо Штаттары Ирандагы террордук режим жараткан коркунучту болтурбоо үчүн операция баштады. Акыркы 47 жылдан бери аятолланын режими “Израилге өлүм”, “Америкага өлүм” деген чакырыктарды жасап келди. Ал биздин каныбызды төктү, көптөгөн америкалыктарды өлтүрдү, өзүнүн элин азапка салды. Бул канкор террордук режимдин өзөктүк куралга ээ болушуна, бүткүл адамзатына коркунуч жаратышына жол берилбеши керек”,-деди Нетаньяху.
Ирандагы маалымат каражаттары израил-америка соккуларынан беш шаар жабыркаганын жазышты.
Fars маалымат агенттиги жардыруулар Тегерандан сырткары Исфахан, Кум, Каража жана Керманшах шаарларында дагы угулуп жатканын билдирди.
Ошондой эле атомдук станция турган Бушер шаарына дагы чабуул жасалганы тууралуу маалыматтар чыкты, бирок азырынча расмий бышыктала элек.
Израилдин Коргоо министрли Иран дагы ракеталар менен аткылай баштаганын, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын кабарлады.
Шерине