Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:16

Түз ободо Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал

АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралда Вашингтон Иранга каршы "ири масштабдуу аскердик операция" баштаганын билдирди.

Анын алдында, бир нече саат мурда Израил Иранга "алдын алуучу сокку" урганын жарыялаган.

Ал тапта Израил армиясы (ЦАХАЛ) өлкө аймагында Иран тараптан учурулган ракеталар аныкталганын билдирди.

Эки күн мурда АКШ менен Иран Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүшкөн.

The New York Times басылмасы АКШ менен Израилдин Иранга каршы бүгүнкү соккуларынын биринчи толкунунун максаты ислам жумуриятынын лидерлерин жок кылуу болгонун өз булактарына таянып жазды.

Бул тууралуу басылмага Израилдин коопсуздук күчтөрүндөгү кеминде үч булак билдиргени маалымдалды.

Али Хаменеи
Али Хаменеи

Басылма ошондой эле Тегерандын өкмөттүк районунан тартылган видеолорду жарыялады, ал жерде коюу түтүн көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Президенттин кеңсеси жана Улуттук коопсуздук кеңеши, ошондой эле башка маанилүү өкмөттүк имараттар ушул аймакта жайгашкан. Дагы бир видеодо Ирандын чалгындоо министрлигинин жанына урулган соккунун кесепети көрсөтүлгөн.

Иран бийлиги, ал тапта, өлкөнүн руханий лидери аятолла Хаменеи жана президент Масуд Пезешкиан коопсуз жерде экенин билдирди.

Социалдык түйүндөрдө өлкөнүн мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежаддын резиденциясына жасалган ракеталык соккунун кесепети деген видео да тарады.


Иран АКШ менен Израилдин биргелешкен соккуларына жооп катары Израилге ондогон ракета учурду. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу күчтөрү (IDF) билдирди.

"Бир аз убакыт мурун IDF Ирандан Израил мамлекетинин аймагына ракеталардын учурулганын аныктады. Абадан коргонуу системалары коркунучту токтотуу үчүн иштеп жатат", - деп жазылды мекеменин X социалдык түйүнүндөгү баракчасында.

Санарип укуктарды жана байланышты көзөмөлдөөчү Netblocks уюму Иранда азыр "интернет дээрлик толугу менен өчүрүлүп жатат" деп билдирди.

Өткөн айда Иранда интернетке кирүү бир нече жумага созулган кандуу нааразылык акциялары учурунда да токтотулган. Укук коргоочулар бул кадамды өкмөткө каршы демонстрацияларды басуу учурунда Ирандын коопсуздук күчтөрү жасаган кылмыштарды жаап-жашыруу аракети деп аташкан.


Иран Катар жана Бириккен Араб Эмирликтерин бутага алып жатканы кабарланды

AFP агенттиги Катардын бийлигине шилтеме кылып Ирандан учурулган ракета өлкөнүн аба мейкиндигинен кармалганын жазды.

Бир катар дүйнөлүк маалымат агенттиктеги Бириккен Араб Эмирликтеринин аба мейкиндиги убактылуу жабылганын билдиришти.

Мунун алдында Бахрейнде жарылуулар болгону тууралуу кабарлар чыккан эле.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG