2-мартта Сауд Арабиясынын Энергетика министрлиги Рас-Танурадагы ири мунай иштетүүчү заводго жасалган чабуулдан кийин ишкананын иши жарым-жартылай токтотулганын билдирди.
Перс булуңунун боюнда, Сауд Арабиясынын чыгыш жээгинде жайгашкан Рас-Танура комплекси Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири болуп саналат жана өлкөнүн энергетика тармагында негизги ролду ойнойт.
Ал бир суткада 550 миң баррел мунай иштетет.
Буга чейин AFP агенттиги өз булагына таянып, Рас-Танурага жасалган чабуулдан соң заводдо өрт чыкканын кабарлаган.
Сауд Арабиясынын Коргоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, заводго эки дрон менен чабуул жасалган, бирок экөө тең абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жок кылынган.
Рас-Танура дүйнөдөгү эң ири мунай портторунун бири болуп да эсептелет.
AFP агенттигине дагы бир булак билдиргендей, Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияд шаарына жакын жайгашкан аба базасына да ракеталар менен сокку урулган, бирок алар да абадан жок кылынган.
Бул база америкалык аскерлер жайгашкан объект болуп саналат жана акыркы үч күн ичинде үчүнчү жолу чабуулга кабылды.
Сауд Арабиясы Иранды катуу айыптап, өзүн коргоо, анын ичинде жооп кайтаруу чараларын көрүү укугун сактап каларын эскертти.
Буга чейин Сауд Арабиясынын мунай инфраструктурасына Иран колдогон хуси козголоңчулары да бир нече жолу чабуул койгон.
Шерине