Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

"Жалпы карыздын теңи": жолго корогон миллиондор


Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 27-февралдагы жыйынында өлкөдөгү кан жолдорду курууга, оңдоого алынган насыя, гранттар тууралуу тармактык министрликтен маалымат алды. Анда каражатты максаттуу, сарамжал пайдалануу, салынган жолдордун сапаты жана коррупцияга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Кыргызстандын тышкы карызынын теңинен көбү жол курууга алынган жана бул жагдай талкуу жаратып келген.

"...жол оңолду дейсиңер"

Кыргызстан эгемен тарыхында жол куруу долбоорлоруна сырттан жалпысынан 2 миллиард 571 миллион 391 миң доллар алган. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Талантбек Солтобаевдин билдиришинче, анын басымдуу бөлүгү насыя болуп саналат.

"Бул каражаттын 2 миллиард 265 миллион доллары насыя, грант 305 миллион долларды түзөт. Бөлүнгөн каражаттын алкагында узундугу 2809 чакырым республикалык маанидеги автоунаа жолдор оңдоп-түзөлгөн. Анын ичинен 2100 чакырымы толук аяктаган, калган 700 чакырымдан ашыгы ишке ашыруу жараянында".

Кыргызстан бул тармактагы эң биринчи насыяны Бишкек-Ош жолун оңдоого алган жана 2010-жылга чейин төрт фаза менен 291 миллион долларга 538 чакырым жол оңдолгон. Акчаны Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Жапониянын JIKA уюму бөлгөн.

Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Депутат Айбек Осмонов комитеттин жыйынында Бишкек-Ош жолун жамап-жаскоо иштерин сынга алды, анын айынан кырсыкка кабылган учурлар бар экенин эскертти.

"Кыргызстандын жалпы карызынын теңин эле силер алыпсыңар. Ош-Бишкек жолу оңолду дейсиңер, бул жолдо жылына бир топ адам каза болот. Бул өтө көйгөйлүү маселе. Жамоо иштерин эртерек бүтүрбөсөңөр болбойт. Ал түштүк менен түндүктү бириктирген жол, күнүгө миңдеген адам каттайт".

Эң кымбат оңдолгон жол

Азыркы учурда бул жолдун 4-фазасынын алкагында Бишкек-Кара-Балта (52 чакырым) жана Маданият-Жалал-Абад (67 чакырым) тилкелерин оңдоо аяктап жатат.

Комитет жыйынында Бишкек-Кара-Балта жолунун бир чакырымы 1,5 миллион доллардан ашык акчага оңдолгону сынга алынды. Ошондой эле эл аралык консультанттарга эбегейсиз акча жумшалары белгиленди.

Министрликтин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин координатору Санжар Асаналиев жолдун кымбат оңдолгонун эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылганы менен негиздеди.

"Бишкек-Кара-Балта жолуна 100 миллион доллар тартылган. Анын 88 миллиону курулуш иштерине кеткен. Кытайдын China Railway №5 компаниясы менен келишим түзүлгөн. Жолдун курулушун көзөмөлдөгөн эл аралык консультант бар, ага жумшалган акча 1 миллион 600 миң доллар. Бул биринчи категорияда салынган жол. Толугу менен төрт жана алты тилкелүү жол болуп эсептелет. Инфраструктурасы менен жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул долбоорду оңдоого ондон ашык жалданма компания арыз берген. Бирок алардын арасынан кытайлык компания бааны арзан көрсөткөн. Калган компаниялар 1,5 миллиондон баштап 2 миллион доллардан ашык бааны көрсөткөн".

Президент Садыр Жапаров былтыр февралда бул жолду 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырган, министрлик болсо быйыл толугу менен аяктайт деп ишендирип жатат.

Бул жааттагы дагы бир ири долбоор - Бишкек-Нарын-Торугарт жолу болуп саналат. Анын жалпы узундугу 533 чакырымды түзөт жана аны оңдоого 445,8 миллион долларды Азия өнүктүрүү банкы, Араб координациялык тобу жана Кытай өкмөтү берген. Комитет жыйынында бул жолдун сапатына сын айтылды.

Андан сырткары, кыргыз өкмөтү Ош-Сары-Таш-Эркечтам (158 чакырым), 172,5 миллион доллар, Сары-Таш-Карамык жолуна (136 чакырым ) Азия өнүктүрүү банкынан 48,6 миллион доллар алган.

Ош-Баткен-Исафана (392 чакырым) 416 миллион доллар алынып, анын 345 чакырымы оңдолгон. Бул жолго Дүйнөлүк банктан, Ислам өнүктүрүү банкынан, Европа Биримдиги, Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, жапониялык JIKA уюмунан, Кытайдан каражат алынган. Ушул тушта 28-78 чакырымын оңдоо башталганы жатат.

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдоого 44 миллион доллар алынган, жолдун көбү бүткөн. Министрликтин билдиришинче, быйыл 104-198 тилкесин оңдоо пландалып жатат.

Түндүк-түштүк кошумча жолунун сапаты

Депутат Улан Бакасов комитет жыйынында бул жолдун сапаты тууралуу маселе көтөрүп, атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

"Бул жолдор сапатсыз курулган. Тоолор сапатсыз кесилген. Ал жерде көчкү жүрөт, таш кулайт. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралат. Азыр эл арасында бул жолду курууда көптөгөн акча желип кеткен деген сөз бар. Комитеттин чечимин ушул түндүк-түштүк кошумча жолуна байланыштуу комиссия түзүп, же текшерүү үчүн чара көрсөк".

Жогорку Кеңеште бул жолго байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзүү маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн, айрым депутаттар анын ишке ашпай жатканын кээ бир аткаминерлердин тоскооолдугу менен дагы түшүндүрүшкөн.

Түндүк-түштүк кошумча автоунаа жолун курууга жалпысынан 886 миллион доллар алынган жана насыяны Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы (Эксимбанк), Азия өнүктүрүү банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, Ислам өнүктүрүү банкы берген. Учурда беш долбоор ишке ашырылып жатат.

Бул жолду куруу 2015-жылы башталган жана курулушту Кытайдын China Road & Bridge Corporation ишканасы жүргүзүүдө.

Былтыр жазында бул жолдо таш кулап, сел жүргөн кырсыктар катталып, парламентте жолдо жүрүүгө өтө кооптуу абал жаралганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Ысык-Көлдү айланта курулган жол

Ысык-Көл айланма жолун курууга байланыштуу төрт долбоор ишке ашырылып жатат. Дагы эки долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Буга чейин Ысык-Көлдү айланта курулуучу жолдун Корумду - Балбай бөлүгүнүн курулушуна 110 миллион доллар кетери маалымдалган. Долбоордо 80 чакырым жолдун жанында көлдү жээктеп 80 чакырым веложол салуу каралган.

Ысык-Көлдү айланма жолдун жалпы узундугу 440 чакырым. 2015-жылы Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Балыкчы - Корумду жолун оңдоо башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор болгон жана 2020-жылы жолдун 70% бүткөн.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылдын августунда башталган. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулуп жатканы маалымдалган.

"Азаттык" Кыргызстанда жол куруудагы коррупцияга байланыштуу бир канча иликтөөлөрдү жарыялаган. Мурдагы транспорт министрлери баштаган бир катар аткаминерлер паракорчукка шек саналып кармалып, соттолгон учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG