Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Жириновский: Орус тилинде американизмге орун жок


Мамлекеттик думанын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский
Мамлекеттик думанын депутаты, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский

Орусиялык белгилүү саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский орус сөздөрүнүн ордуна чет тилди колдонуу үчүн журналист, мугалим жана жазуучуларды айып пулга жыгуу тууралуу мыйзам кабыл алууга үндөөдө.

Жириновский буга чейин эле бир катар экстраваганттуу билдирүүлөрү менен таанылган. Улутчулдардын ЛДПР партиясын жетектеген саясатчынын орус калкынын санын көбөйтүү жөнүндөгү чакырыктары, кумсалар, борборазиялык келгиндерге, америкалыктарга каршы далай билдирүүлөрү дале эсте. Атүгүл былтыр күзүндө "билим берүүнү өнүктүрө берсек, билимдүү жаштар 10 жыл сайын ыңкылап жасай беришет, стабилдүүлүктү кааласак, агартууну ооздуктап туруу керек" деген таризде сунуш киргизген.

Эми болсо Жириновскийдин партиясы орус сөздөрү турса, чет тилдеги өздөштүрүлгөн сөздөрдү колдонууга тыюу салуу деимлгесин көтөрүп чыкты.
Орус тилин таштандылар менен чет тилдеги сөздөрдөн, асыресе, американизмдерден тазалоо керек, - деген депутат юристтер даярдап бүтсө эле, тиешелүү документ парламентке сунушталаарын айтты.

Бүтүрүүчүлөр, 25-май, 2012-жыл
Бүтүрүүчүлөр, 25-май, 2012-жыл
Жириновский ошондой сөздөрдүн тизмесин да берүүгө даяр. Анын "кара тизмесине" “дилер”, “трейдер”, “менежер” өңдүү постсоветтик аймакта акыркы жылдары жайылган сөздөрдөн башка жада калса орустардын бир нече мууну көнүп калган немис жана француз тилдеринин аралашмасы - “парикмахер” да кирип калчудай. Анын ордуна, сөздүктө жок “стрижач” (кырккыч) деген сөздү колдонуу сунуш кылынат.

- Радио менен телевидениеден такай чет тилдеги сөздөрдү угабыз. “Дилердин” орусчасы – “посредник” (ортомчу). “Бутик” – бул “лавка” (чакан дүкөн). “Мутон” – орусча “овчина” (койдун териси) деп айтылат. Шаардын ар кайсы жеринде англисче “Сэйл, сэйл” деп жазылып турат. “Кондом” орусча “презерватив” эмес, “предохранитель” (сактоочу) болуш керек. Ал деген француз сөзү. Орусча – “предохранитель” деп айтылат, - деди саясатчы "Коммерсант ФМ" үналгысына курган маегинде.

Ар кандай американизм, англицизмдер менен элди тажаттыңар деген Жириновский, тыюу салынган сөздөрдүн тизмеси ар бир жазуучу, окумуштуу, мугалим, журналист, радио-телеберүүлөрдүн алып баруучуларынын үстөлүндө болууга тийиш, аны катуу көзөмөлдөйбүз деп эскертти. Мыйзамды бузуп, чет тилдеги терминдерди колдонгондорду айып пулга жыгуу же жумуштан айдоо сунуш кылынат.

Анын өзгөчө нааразылыгын “Дождь ТВ” каналы жараткандай. "Алар жакынкы күндө толугу менен англисчеге өтүп кетүүгө даяр", - деп сындады Жириновский.

Депутаттын бул демилгесин колдогон кесиптеши, Думанын Маалымат саясаты боюнча комитетинин төрага орун басары Вадим Денгин орус тилин тазалоо сунушунда эч кандай популизм жок деп эсептейт:

- Орус тилин өнүктүрүүгө тийишпиз. Биз тилди жетиштүү окубайбыз, жетиштүү деңгээлде сүйлөбөйбүз. Барган сайын идиомалар, американизмдерге ыктап баратабыз. Ал эми нукура орус сөздөрүнө, өзгөчө Владимир Волфович келтирген сөздөргө таптакыр көңүл бурбайбыз. Маданиятыбызды жоготуудабыз. Сунуштун популимзге эч кандай тиешеси жок. Тилекке каршы, азыр чара көрүүгө тийишпиз. Келечекте аны менен сыймыктана тургандай болуп, тилди калыбына келтиришибиз керек.

Жириновскийге англисче гана эмес, француз сөздөрү да анча жага бербейт. “Закусочная” (тез тамактануучу жай) деген өзүбүздүн татынакай сөзүбүз турганда “ресторан”, “кафе” дегендерге орун жок, - дейт ал.

Тилди тазалоо жагынан саясатчы Түркиянын тажрыйбасын жакшы мисал катары келтирет. 60 жыл мурун өлкө түрк тилин фарси, араб жана француз тилинен өздөштүрүлгөн сөздөрдөн арылтуу жараянын жүргүзө баштаган.

Кээ бир тил таануучулар ЛДПРдин демилгеси, балким, жүйөлүү болгонун, бирок административдик чаралар менен чет тилге тыюу салуудан майнап чыкпай турганын, тил – тирүү организмдей, өзүн өзү ирээтке салып тураарын айтышат.

Баса, 1990-жылдардын ортосунда Францияда да тилдин тазалыгы үчүн өнөктүк башталган. Бирок убакыт көрсөткөндөй, глобалдашуу, интернет доорунда эне тилди американизмдерден оолак кармап туруу мүмкүн эмес.

Ал эми экономика темасына жазган журналисттердин айтымында, алардын терминдерин орусчаласа, эмне деп айтап жатышканы таптакыр түшүнүксүз болуп калат.

XS
SM
MD
LG