Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Улутчул кептин уу-дуусу


“Ата-Журт” лидери Камчыбек Ташиевдин cөзүн филологиялык жана саясий экспертиза аркылуу текшерүү серепчилер арасында түрдүү бааланууда.

"Ата-Журт" партиясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиевдин “премьер Өмүрбек Бабановду тегеректеп күрт, түрк, казак улуттарынын өкүлдөрү жүрөт”, - деп айтканы жана “өкмөт башчылыкка таза кандуу, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек”,- деп билдиргени бир катар маалымат каражаттарында, коомчулукта чоң талкууга түштү.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы депутаттын улут маселеси боюнча айткандарын териштириш үчүн комплекстүү экспертиза дайындаганын апта соңунда билдирген болчу. Эми депутаттын айткандары канчалык деңгээлде улуттук, диний, расалык жана регионалдык араздашууну жарата турганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөрчү филологиялык жана саясий экспертиза аныктайт. Бирок териштирүүнүнүн дайындалышы да саясатчы, серепчилер арасында түрдүү бааланууда.

“Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов айтылган сөздү териштирип, кылмыш ишин козгоого каршы болгону менен Ташиев Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын бири катары саясий жоопкерчиликти тартып, кечирим сураш керек деп эсептейт:

- Саясатчы, биз баарыбыз сыйлачу, же келечекте мекенибизди жетектөөчү адам катары калам десе Ташиев кечирим сурап, сөзүмдөн жаңылдым деп койгону эле жетиштүү. Бул саясий маселе. Азыр буга кылмыш ишин козгоп, өзгөчө саясий экспертиза деген эмне? Менимче, муну менен Башкы прокуратура жаңылып жатат. Саясатчы катыры, жаран катары да буга каршымын. Мындан да орчундуу, олуттуу нерселер болууда. Кылмыш ишин ошол нерселерге козгосо дейм. Кандай гана айтылбасын, парламент депутаты, саясий жетекчилерибиздин бири ушундай сөз айтканы абдан уят. Эң биринчиден, бул жалпы кыргыз элине уят, мен да өзүмү жаман сезип уялдым.

Буга чейин акыйкатчы баш болгон укук коргоочулар Ташиевдин мындай сөзүн катуу сындап чыгышкан. Алардын бири, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова депутаттын гезитке берген интервьюсун фашисттик-улутчул ураан деп эсептерин айткан.

Анткен менен Камчыбек Ташиев өзүн күнөөлүүмүн деп эсептеген жери жок. Ал өзүн улутчул деп көрсөтүп, айрым сөздөрдү бурмалаган укук коргоочуларды тартип коргоо органдарынын алдында жооп берсин деген пикирин билдирүүдө.

- Бүгүнкү күндө Бабановдун тегерегинде күрттөр, түрктөр, казактар жүргөнүн коомубуз билбейби? Баары билет. Мен дагы бир жолу айтып койсом баары мага жабылып калды. Бул жалаа жапкан адамдар ошол тартип коргоо органдарынын алдында өздөрү жооп бериш керек. Мен кыргызмын деп айтканым үчүн бирөөдөн уялып, же бирөөдөн кечирим сурагым келбейт. Бардык эле мамлекеттерде ушундай. Кайсы гана өсүп-өнүгүп жаткан мамлекетти албаңыз, бардыгында өзүнүн мамлекетин башкарып жаткан жетекчилер өз улутунан болуп, өз улуту үчүн күйгөн адамдар.

Ушул тапта маалымат каражаттары, өзгөчө телеканалдарда бул тема байма-бай талкууланууда. Эл арасында айрымдары Ташиевдин айткандары өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп жибериши ыктымал десе, кээлери саясатчынын өзүнүн беделине гана таасири тийерин айтышууда.

Саясат талдоочу жана журналист Турат Акимов болсо кырдаал курчуйт деген ойдон алыс:

- Анктени Бабановдун колунда КТРК, ЭлТР, НТС, 5-Канал бар. Ошондуктан азыр Ташиевди басмырлап, сындап талкалап коёт. Ал эми Ташиевди эфирге чыгарбайт, ал өзүнүн айткан сөздөрүн же далилдей албайт, же аныктай албайт. Негизи анын айткандарына мынчалык деле көңүл бурбай койсо болмок. Орусияда мындай сөздөр көп эле айтылат. Мисалы Жириновский ар дайым эле “Орусия орустар үчүн” деп бакыра берет.

Талдоочу ошол эле учурда өкмөт башчы Бабанов өзүн тегеректеп жүргөндөр кандай максатта, эмне кылып жүргөнүн куру сөз болбошу үчүн далилдеп берсе жакшы болорун кошумчалады.

Негизи оппозиция лидери менен өкмөт башчы тиреши өткөн аптада башталган. Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановду радиациялуу көмүрдүн алып келиниши боюнча айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылган болчу. Өкмөт башчы аны жүйөөсүз деп, фактыларды бурмалаганы үчүн Ташиев өзү депутаттык мандатын ташташ керектигин билдирген.

Айрым серепчилер оппозициялык маанайдагы "Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан" партияларынын биригишин алганда жаз алды саясий кырдаал курчушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Ошол эле учурда кырдаал курчушуна негиз жоктугун айткандар да арбын.

XS
SM
MD
LG