Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Бабанов-Ташиев эрегиши


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов парламентте, 2011-жылдын 19-декабры.
Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов парламентте, 2011-жылдын 19-декабры.

Оппозиция лидери менен өкмөт башчы тирешип калды. Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановду радиациялуу көмүрдүн алып келиниши боюнча айыптап, кызматтан кетүүсүн талап кылды. Өкмөт башчы аны жүйөөсүз деп, фактыларды бурмалаганы үчүн Ташиев өзү депутаттык мандатын ташташ керектигин билдирди.

Радиациялуу көмүрдү Кыргызстанга алып келүүгө уруксат берүү, анын радиациялуу экени байкалар замат мектеп жана башка социалдык объекттерден чыгарып кетилбегени Өмүрбек Бабановго коюлган негизги айып болуп жатат.

Мына ушуга байланыштуу оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев өкмөт башчы Өмүрбек Бабановду кызматынан кетүүсүн талап кылып, анын ишинин натыйжасыздыгын атады:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев
- Октябрдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунда 14 мектеп, бир нече социалдык мекемелер радиация алып жатат. Мына Бишкек жылуулук борборунда ошол көмүр жатат. Өкмөт тарабынан сиз канча тапшырма бербеңиз, канча кеңешме өткөрбөңүз натыйжасы жок, Өмүрбек Токтогулович.

Өз кезегинде өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов көмүрдүн радиациялуу экендиги тууралуу биринчи маалыматтар түшө баштаганда эле аны токтотууга аракет жасаганын билдирген эле:

- 24-октябрда мен тармактар аралык комиссияны түзгөнмүн. 27-октябрда комиссия чечимин чыгара электе эле энергетика министрлигине, Бишкек жылуулук борборуна буйрук бердим. Анда бул көмүрдү тез арада токтотуп, артка кайтаруу тапшырылган. Мына ошонун негизинде 230 миң тонна “Кыргызжилкоммунсоюзга” келген көмүр Казакстанга кайтарылат.

Бирок радиациялуу көмүр негедир мектептерде кала берген. Ал эмес 180 тоннасы жагылып кеткен. Мына ушул мүчүлүштүктү пайдаланып, оппозиция өкмөткө чабуул койду.

Бул жаңжалда Камчыбек Ташиевдин активдүүлүгү анын өкмөт башчылык амбициясынан жана саясий салмак алуу аракетинен кабар берет. Бул күрөш элдин маанайына жараша жаз айларында күч алышы күтүлөт.

Адистердин айтымында, “Кулан ТБнын” радиациялуу көмүрү өкмөттүн көрсөтмөсү жана тапшырмасына ылайык, Бишкек жылуулук борборуна жана Чүйдөгү мектептерге алынган. Эми депутаттык комиссия тарабынан күнөөлүүлөрдү атап чыгышына жараша кырдаал өнүгөт.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов биринчи чабуулдан аман чыкканы менен, депутаттык комиссиянын отчетуна жараша дагы бир сыноого түшөт.

Саясат таануучу Аалыбек Акуновдун айтымында, радиациялуу көмүр жаңжалы саясий кырдаалдын курчушуна себепкер боло алат:

- Бул саясий маселе болуп жатат. Баары эле билип турушат ким алып келгенин, ким кол койгонун, ким төлөгөнүн. Аны прокуратура деле изилдеп жатат. Анан депутаттык комиссия түзүлгөнү - бул саясий жагына оогонунан кабар берип жатат. Албетте, бул саясий маселе болгондон кийин чоң саясий окуяга детонатор болушу мүмкүн. Ал өлкөнүн ичиндеги кырдаалды түзгөнгө, же болбосо эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды түзгөнгө да себепкер болушу мүмкүн. Анткени буга чоң кызматтагы адамдардын кийлигишүүсү бар деп, ысымдар аталып жатпайбы.

Бул жаңжалдан сырткары өкмөттө жаз алдында татаал сыноолору арбын. Анткени парламентке биринчи отчету менен келиш керек. Коалициялык макулдашууга ылайык Бабановдун өкмөтү ар үч айда жасаган иши боюнча маалымат берип турат. Биринчи үч айда өкмөт 100 күн деп аталган программаны аткарууну алдына койгон. Анда мамлекеттик кызматкерлерди 20% кыскартуу, жолдорго видеокамераларды орнотуу, Өнүктүрүү банкын түзүү, лицензияларды кыскартуу, текшерүүлөрдү иретке келтирүү, жаңы ГЭСтерди, Датка-Кемин электр линиясын тартуу боюнча келишимдерге жетишүү жана башка максаттар коюлган.

Бул милдеттердин аткарылбай калышы коалиция тарабынан да суроолорду күчөтөт.

Ал эми коомчулукта Өмүрбек Бабановдун өкмөтүнө кышка даярдыктын начардыгы, радиациялуу көмүр, акимдерди шайлоодогу коррупция боюнча суроолор жаралып калды.

Реформаларда алдыга жылуу байкалбаса, элдин турмушу андан ары начарласа парламентти таратууну көздөгөн күчтөр да активдеше баштайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG