Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Ташиев: Кыргыз башкарсын дегенге күнөөлүүмүнбү?


"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин премьер Өмүрбек Бабановду тегеректеп күрд, түрк, казак улут өкүлдөрү жүрөт деп айтканы бир катар маалымат каражаттарында чоң талкууга айланды.

Жарандык коомдун өкүлдөрү бул сөзү үчүн Ташиевге иш козгоону талап кылып жатышат. Буга байланыштуу "Азаттык" басма сөзгө айткан сөзүңүз ушунча чуу чыгарарын күттүңүз беле? - деп Ташиевге суроо салды.

Камчыбек Ташиев: Бул маселелер ар дайым эле айтылып келген. Бирок ушул жердеги чуу чыгарган адамдардын бардыгы – төлөнгөн журналисттер, укук коргоочу, коомдук уюмдар. Себеби ал жерде Өмүрбек Токтогуловичтин апасынын аты аталып, ал туурасында сөз болгон эмес. Айтылууга мүмкүн да эмес болчу. Себеби мен Өмүрбек Токтогуловичтин апасын өзүмдүн апамдай эле сыйлайм, апаларыбыз сыйлуу болушуна милдеттүүбүз.

"Азаттык": Анда эмнеге сиздин сөзүңүзгө тескери реакция болуп жатат?

Ташиев: Булардын баары даярдалган адамдар. Булар ушул ар бир сөздөн кыйкым таап жатышат. Мамлекеттик чоң кызматтарга келген, айрыкча президенттин, премьердин тегерегиндеги ар түрдүү топтор коомубузга зыянын тийгизип келгенин билебиз. Акаев маалында Бирнштейн, Левитин деген адамдар жөнүндө айтылып жүргөн.

Андан кийин Бакиев, Максимдин маалында Надель, Гуревич, Белоконь деген адамдар айтылып жүрдү. Булардын эң жаман жери - эч кандай мамлекеттик кызматтарга отурбайт, бирок коомубузга чоң зыянын тийгизет. Мен мына ошол жөнүндө айтып жатам.

Бүгүнкү күндө Бабановдун тегерегинде күрддөр, түрктөр, казактар жүргөнүн коомубуз билбейби? Баары билет. Мына бүгүн эле “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Кайрат деген жигит жүрөт” деп айтып чыкты. Ал Кайрат эмес, Кайсар деген жигит. Ал казак. Ал бүгүнкү күндө мамлекетибизде Бабанов жүргүзгөн бардык финансылык жумуштарды аткарып, кадр маселесине кийлигишип жатат.

"Азаттык": Демек массалык маалымат каражаттары туура эмес кабар таратып жатабы?

Ташиев: Булар коомчулукту башка нукка буруп атат. Мен эгерде "Кыргызстанды кыргыздар башкарыш керек" десем, кыргыз улутун мактасам-жактасам, "кыргыз элим, кыргызстандыкмын" деп сыймыктансам эмне үчүн күнөөлүү болушум керек?

"Азаттык" үналгысы “Де-факто” гезитинин кабарчысы Мирлан Дүйшөнбаев менен да байланышты.

Мирлан Дүйшөнбаев: Диктофондо жазылган. Гезитте кандай жазылса, ошондой айткан. Ашыкча эч нерсе жок. Гезитте кандай жазылганын сиз деле окусаңыз керек. Андай маселелерде туура эмес жазып коюу мүмкүн эмес. Айткан адам деле сөзүнө отчет берсе керек. Биз асмандан алып жазган жокпуз. Эч кандай бурмалоо болбогонун, кандай айтылса ошондой бергенибизди ушул диктофондогу жазма менен далилдеп бере алабыз.

Камчыбек Ташиевдин "Де-факто" гезитине курган маегинен үзүндү:

"Бабановду кетирүү аракети президенттен чыкты деп айткан туура эмес. Анын өкмөт башчы болуп олтурганына каршылар коомчулукта толтура. Бабановдун ким экенин элдин баары билет. Мен ачык эле айтайын, таарынышпасын, өкмөт башчылыкка таза кандуу, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек. Биз татарлардын, еврейлердин, орустардын ж.б. улуттардын артынан жүрүп келдик. Бабанов келгени эми күрддөрдүн артынан жүрө баштадык. Ошого келип атабыз. Чындап улутту ойлогон адам, таза кандуу кыргыз болууга тийиш. Минтип Россия, Казакстанда деле айтып атышат. А эмне үчүн биз аны ачык айткандан уялышыбыз керек?"

"Азаттык": Камчыбек мырза, эгер гезит чын эле далилдеп берсе, сиздин мындан аркы кадамыңыз кандай болот?

Ташиев: Туура, мен ошол гезитте жазылгандай эле айткам. Гезитте деле жазылып турат. Ал жерде Өмүрбек Токтогуловичтин апасы, же улуту жөнүндө эч кандай басмырлоо болгон эмес. Бабановдун тегерегинде күрддөр, түрктөр, казактар толуп кеткенин жана алар бүгүнкү күндө биздин саясатыбызга терс таасирин тийгизип жатканын айткам. Бул чындык.

"Азаттык": Бирок сиз премьер-министрдин апасы кайсы улуттан экенин билчү белеңиз?

Ташиев: Мен премьер-министрдин апасы кайсы улуттан, кандай экенин эч качан билбейм да, ал жөнүндө оюм деле жок. Анын апасы жөнүндө менде ой болушу да мүмкүн эмес. Анткени биз апаларыбызды андай иштерге кийлигиштирбешибиз керек. Себеби алар биз үчүн ыйык адамдар.

"Азаттык": Акыйкатчы баш болуп, башка укук коргоочулар төш болуп, сиздин дарегиңизге дооматтарын жана сындарын жолдоп жатышат. Алардын бири Гүлшайыр Абдирасулова.

Гүлшайыр Абдирасулова: Мен макаланы окуп чыккам. Аны фашисттик ураан деп азыр деле айтам. Гитлер ошентип "дүйнөдө таза кандуулар калыш керек" деп айтчу. Таза кан дегенди фашисттик-улутчул ураан деп эсептейм. Таза кандуу, же таза эмес кандуу деп аныктоонун механизми кандай экен? Башкы прокуратура буга көңүл буруп, иш козгош керек. Иликтөө жүргүзүш керек. Эмне үчүн андай? Балким ММКлар анын сөзүн туура эмес берип койгондур же балким ал туура эмес айтып алгандыр? Бирок мындай нерсе калбаш керек.

Ташиев: Мен дагы бир жолу айтып койсом: бул жалаа жапкан адамдар ошол тартип коргоо органдарынын алдында өздөрү жооп бериш керек. Өмүрбек Токтогуловичтин апасын кошуп жаткандар, кайсы бир улуттар жөнүндө болуп жатат деп, мына Абдирасулова айткан эле сөздөрдү айткандар өздөрү тартип коргоо органдарынын алдында жооп бериши керек. Мен андай лозунгдарды айткан эмесмин.

Бирок таза кандуулук боюнча биздин коомубузда айтылып жүрөт. Мен мындан ары да айтам: Кыргызстанды кыргыздар сактап калышын, Кыргызстандын келечегин кыргыздар аныкташын айтам. Анткени мен кыргызмын. Мен кыргыз болгонум үчүн уялбайм.

"Азаттык": Улутун баса белгилегениңиз "саясий чекилик болуп калды" деп, алдынан өтүп коё алат белеңиз? Анткени мунасасыз саясат болбосун жакшы билесиз да.

Ташиев: Жок, андай эмес. Мен кыргызмын деп айтканым үчүн бирөөдөн уялып, же бирөөдөн кечирим сурагым келбейт. Бардык эле мамлекеттерде ушундай. Кайсы гана өсүп-өнүгүп жаткан мамлекетти албаңыз, бардыгында өзүнүн мамлекетин башкарып жаткан жетекчилер өз улутунан болуп, өз улуту үчүн күйгөн адамдар. Биздин мамлекетибизге башка улуттан келип, башка улуттун адамдары мамлекетибизди коргоп калып, күйүп, өнүктүргөн эмес, өнүктүрө да албайт. Муну кыргыз элим түшүнүш керек.

Ошол эле мезгилде биздин мамлекетибизде жашаган улуттарды басмырлоону же аларга бир сөз тийгизүүнү мен ойлобойм. Себеби алар биздин жарандар, биздин элибиз жана биздин журтубуз. Биз аларды жакшылап карашыбыз керек. Кыргызстан мамлекетинде кыргыздар жакшы жашамайын башка улуттар эч качан жакшы жашай албайт. Муну баары түшүнүш керек.

"Азаттык": Таза кандуу деп анда сиз кимдерди айтып жатасыз?

Ташиев: Таза кандуу деп мен бардык кыргыздарды айтып жатам. Ошол эле сизди айтып жатам, ошол эле өзүмдү айтып жатам.

"Азаттык": Эгер кылмыш иши козголуп калса, сиздин кадам кандай болот?

Ташиев: Кылмыш ишти жалаа жапкан адамдарга, айткан сөздөрүмдү саясий жакка бурган адамдарга козгош керек. Аларды жоопко тартыш керек. Ал эми мен өзүмдүн айткан сөздөрүмдөн кайтпайм. Кайсы жерге барсам да айтып берүүгө, далилдеп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жетет.

"Азаттык": Бирок сиз кечээ парламенттин жыйынынан кийин ушул маселе боюнча журналисттер комментарий сураганда, сиз жооп берүүдөн баш тарттыңыз. Буга эмне себеп болду?

Ташиев: Себеби журналисттердин көбү сатылган, даярдалган. Алар ошентип эле кайсы бир адамдын камчысын чаап, көп акча төлөгөн адамдардын артынан чуркай берет. Мен бул журналисттердин бардыгы төлөнгөндүгүн, ошол эле НТС каналынын төлөнгөндүгүн билем. Ошондуктан мен аларга сөз сүйлөп, убактымды кетиргим келген жок. Ал эми “Азаттык” радиосун мен ар дайым сыйлайм. Анткени сиздер болгон ишти болгондой айтканыңыздар үчүн сиздерге жооп берип отурам.

"Азаттык": Сиздин сөздөр, азыркы кырдаалда улуттар аралык кастыкты жандандып, от жагып жиберет деп коркпойсузбу?

Ташиев: Эч кандай андай болбойт. Себеби улуттар аралык жаңжалды болтурбоо, жөнгө салуу Кыргызстандын ичинде кыргыздардын гана колунан келет.

"Азаттык": Бирок президенттикке бара жатканда көп улуттуулук саясатын кармап келген элеңиз. Бул окуя сиздин беделиңизге шек келтирип койгон жокпу?

Ташиев: Жок, Кыргызстанда сөзсүз түрдө көп улуттуулук болуш керек. Кыргызстанда бардык улуттар жакшы жашап, мыйзамдын алдында бирдей жооп берип, бирдей укук алышы үчүн шарт түзгөнгө милдеттүүбүз. Ошол эле мезгилде кыргыздардын башка улуттардын алдында тебеленип калышына биз жол бербешибиз керек.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG