Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык аймагында 2289, чет өлкөлөрдө 44 шайлоо түйүнү түзүлгөн.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 836 миң 567 киши киргизилген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жүрүшүнө элүүдөн ашуун өлкөдөн 850 эл аралык байкоочу көз салууда.

120 орундуу жаңы парламентке 29 партия ат салышууда. Шайлоодо жеңүү үчүн партиялар республика боюнча эң аз 5 пайыз, 7 облустан 0.5 пайыз добуш алышы керек.