ЮНЕСКО байыркы Баласагынды тааныды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЮНЕСКОнун өкмөт аралык комитетинин 38-сессиясында Чүй өрөөнүндөгү байыркы шаар калдыктары дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилди. Тарыхый-маданий булактар - Чүй өрөөнүндөгү орто кылымга таандык Навакет (азыркы Красная Речка), Суяб (азыркы Ак-Бешим) жана Баласагын-Бурана шаарчаларынын калдыктары болуп саналат. Доха шаары, 22-июнь, 2014-жыл. (Рейтерс)