Жээнбеков: Могерини жарандык активисттер менен жолукпай койду

Федерика Могерини жана Алмазбек Атамбаев. Бишкек. 9-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандагы бир катар жарандык активисттер Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини менен жолуга албай калганын айтып чыгышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Равшан Жээнбековдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, жарандык коом өкүлдөрү жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюму, бир катар саясатчылар Кыргызстандагы адам укугу, сөз эркиндиги боюнча маалымат берүү үчүн Могерини менен жолугушууну көздөшкөн. Жээнбеков кездешүү үчүн Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүгү менен байланышканын, бирок "Могерининин жолугушууга убактысы тар" деген жооп алганын кошумчалады. ЕБ өкүлчүлүгү азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Федерика Могерини 9-ноябрда Бишкекке келген. Анын жүрүшүндө бийликтеги мөөнөтү бүтүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев жана жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жабык эшик артында жолугушту. Бул сүйлөшүүлөрдүн мазмуну ачык жарыяланган жок.

Могерини өкмөт башчы Сапар Исаков менен журналисттердин коштоосунда жолугуп, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты.

Президент Атамбаев Могериниге Еврошаркет менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүүсүнө чоң салым кошкону үчүн "Достук" орденин тапшырды. (NT)