Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

ЕБ менен Кыргызстан жаңы макулдашууну көздөйт


ЕБ менен Кыргызстан жаңы макулдашууну көздөйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:29 0:00

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини менен кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков.

Федерика Могерини бүгүн Бишкекте Кыргызстандын бийлик башчылары менен сүйлөшүү өткөрдү.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча Жогорку комиссары Федерика Могерини Бишкекке келип, Кыргызстандын мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Алмазбек Атамбаев жана жаңы шайланган өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жабык эшик артында жолугушту. Бул сүйлөшүүлөрдүн мазмуну ачык жарыяланган жок.

Андан соң Могерини өкмөт башчы Сапар Исаков менен журналисттердин коштоосунда жолугуп, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын мындан аркы кызматташтыгын талкуулашты. Премьер-министр Сапар Исаков өлкөдөгү реформаларды колдоп жатканы үчүн Европа Биримдигине ыраазычылык билдирди:

- Сиздей жогорку даражадагы өкүлдүн келиши Европа Биримдигинин Кыргызстанда жасалган демократиялык реформаларды колдой тургандыгын билдирет. Кыргызстан кайда жайгашканын эске алганда бул абдан маанилүү. Анткени биздин өлкө чөлкөмдө демократия аралчасы болуп эсептелет. Өзүңүз билгендей конституциялык реформа жасадык. Ага ылайык, бийликтин тең салмактуулугу бекемделди. Башкача айтканда, өкмөттүн жана парламенттин орду чыңдалды.

Исаков мындан тышкары шайлоо системасын реформалоодо Европа Биримдигинин салымы чоң болгонун белгиледи.

Өз кезегинде Могерини Европа Биримдиги Кыргызстан менен мындан ары да кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, жаңы келишимдин маанисине токтолду.

Федерика Могерини менен Сапар Исаковдун жолугушуусу. 9-ноябрь, Бишкек.
Федерика Могерини менен Сапар Исаковдун жолугушуусу. 9-ноябрь, Бишкек.

Федерика Могерини жаңы макулдашуу ЕБ-Кыргызстан үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экенин Бишкекте премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуунун медиа үчүн ачык бөлүгүндө айтты:

- Демократия дайыма иштеп турган жараян болгондуктан биз өлкө үчүн зарыл реформаларды башкаруу чөйрөсү, экономикалык реформалар же жарандар үчүн мүмкүнчүлүк жаратуу болобу коштоого кубанычтабыз. Сиздерден өкмөттүн приоритети, биздин кызматташтыгыбызды күчөтө алуучу жолдор тууралуу уккубуз келет. Кыргызстан менен Евробиримдик ортосунда жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүнү баштоо биз үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк болот, - деди Могерини.

Евробиримдиктин Жогорку комиссары менен Сөз эркиндигин коргоо комитети жана башка жарандык коомдун өкүлдөрү жолугууга аракет жасаган.

Бирок Федерика Могерини убактысы тар экенин айтып, жолугушуудан баш тарткан. Аталган комитеттин башчыларынын бири, экс-депутат Равшан Жээнбеков Европа Биримдиги Кыргызстан менен жаңы келишим кабыл алуудан мурда адам укуктарынын корголушу боюнча талаптарды коюшу керек деген ойдо.

- Европа Биримдиги кыргыз бийлигине так жана ченемдүү талаптарды коюшу керек. Каражат алгыңар келсе же реформаларды колдоо зарыл десеңер анда сөзсүз түрдө адам укуктарын, сөз эркиндигин, тынч чогулуш эркиндигин жана саясий оппоненттерди куугунтуктоону токтотушуңар керек деши керек. Ушуга окшогон маанилүү талаптарды жаңы бийликтин алдына коюп жана жаңы келишимге киргизсе туура болмок.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлүнүн сапары шаркетке мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына бергенден кийинки учурга туш келүүдө.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Бул тууралуу маалымат Брюсселде өткөн айда Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир апта мурда жарыяланган.

Могерини Бишкектен соң Самаркандга барып, 10-ноябрда ЕБ-Борбор Азия министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Могерини Брюсселден жөнөп жатып, Борбор Азия ЕБ үчүн өтө маанилүү аймак экенин эске салган.

- Коопсуздуктан тартып, радикалдашууга жана экстремизмге каршы туруу, соодадан тарта жарандык коомду колдоого чейин ЕБ жана аймактын өлкөлөрү бекем өнөктөштөр. Биздин жылдык жыйындарыбыз өткөн жылы эмнелер жетишилгенин жана коопсуздукту чыңдоо, биздин аймактардын стабилдүүлүгү, жарандардын кызыкчылыгы үчүн алдыга жаңы күн тартипти кароого мүмкүндүк берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG