Башкы прокуратура Калыйбек Салянов боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлгөнүн төгүндөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин “Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлгөн” деген билдирүүсүн четке какты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева мурдагы Салянов, кийин фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөрткөн жаран боюнча мындай тактоо киргизди:

- Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуусу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ тарабынан К. Элтуйбасовду экстрадициялоого байланыштуу тиешелүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келбегендигин белгилегибиз келет.

Мунун алдында ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов АКШда кармалган Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратура аркылуу аталган өлкөгө суроо-талап жөнөтүлгөнүн билдирген. Ал Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу боюнча шектүү катары өтүп жатканын кошумчалаган.

Калыйбек Саляновдун АКШда кармалганы тууралуу кабар январь айынын ортосунда чыккан. Кийин анын карындашы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирүү таратып, агасы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү катары эмес, миграциялык мыйзамдарды бузууга шектелип кармалганын айткан. Салянова бул иште агасынын айыбы жоктугун билдирген.

Маалым болгондой, "киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.

Алардын ичинде Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары мүнөздөлүп калган. Ички иштер министрлиги бул иште "тергөөгө каршылык көрсөткөн" деген киненин негизинде Калыйбек Саляновго айып коюп, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган. Аида Салянова кезинде муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтуктугу” катары баалаган.

Буга чейин кабарлангандай, Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алган. (ErN)