Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:53

Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Башкы прокуратура аркылуу АКШда кармалган Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча бул өлкөгө суроо-талап жөнөттү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу боюнча шектүү катары өтүп жатат. Каниметов белгилегендей, Калыйбек Салянов миграция мыйзамдарын бузууга шектүүкатары кармалып, Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөнү аныкталган.

Калыйбек Саляновдун АКШда кармалганы тууралуу кабар январь айынын ортосунда чыккан. Кийин анын карындашы, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирүү таратып, агасы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча шектүү катары кармалганын төгүндөгөн. Салянова бул иште агасынын айыбы жоктугун билдирген.

Маалым болгондой, "киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган.

Алардын ичинде Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары мүнөздөлүп калган. Ички иштер министрлиги бул иште "тергөөгө каршылык көрсөткөн" деген киненин негизинде Калыйбек Саляновго айып коюп, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган. Аида Салянова кезинде муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтуктугу” катары баалаган.

Буга чейин кабарлангандай, Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG