Түркия жана БАЭ менен аба каттамдары калыбына келтирилди

«Манас» эл аралык аэропорту.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев 10-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр «Авиа Траффик» авиакомпаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Стамбул-Бишкек багыты боюнча, аптасына бир ирет Бишкек-Анталья-Бишкек багыты боюнча каттамды ишке ашырып жатат.

Ошондой эле «Түрк аба жолдору» жана «Пегасус» компаниялары Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча жумасына эки жолу каттайт.

«Флай Дубай» авиакомпаниясынын Дубай-Бишкек-Дубай багыты боюнча каттамы 15-августтан тарта жумасына бир жолу жүргүзүлөт. (NT)