Шайлоо 2020: 22 саясий партия талапкерлеринин тизмесин бекитти

19-августта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитүү мөөнөтү бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, 20-августка чейин 22 саясий партия жыйын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти.

Шайлоого катышарын билдирип, БШКга 44 саясий партия кайрылган. Алардын ичинен 11 партия шайлоого катышпай турганын Боршайкомго оозеки, ал эми сегиз партия жазуу түрүндө маалымдаган. «Кыргызстан патриоттору» жана «Билим Илим ордосу» партиялары эч кандай маалымат берген эмес.

Дагы караңыз

Тогуз партия шайлоого катышпай турган болдуШайлоо-2020: «Республика» партиясы талапкерлердин тизмесин түздү Премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды«Ар-Намыс» партиясы шайлоого катышпайт

БШКнын билдиргенине караганда, партиялардын жыйындарында шайлоо мыйзамдарына туура келбеген иш-аракеттер катталган жок. Санитардык коопсуздук талаптары сакталды.

Эми шайлоого катышуучу партиялар 24-августка чейин талапкерлеринин акыркы, бекитилген тизмесин, алар тууралуу толук маалыматтарды, шайлоо күрөөсү төгүлгөнү тууралуу документтерди тапшырууга тийиш. Талапкерлердин тизмеси тууралуу маалыматтар электрондук формат менен катар кагаз жүзүндө да берилет. Маалыматтар «Электрондук талапкер» программасына киргизилет. Мындан тышкары, талапкерлер тууралуу маалыматтарды «Түндүк» бирдиктүү системасы аркылуу текшерүүгө БШКга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. (ZKo)