Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

«Ар-Намыс» партиясы шайлоого катышпайт


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Ар-Намыс» партиясынын саясий кеңеши алдыдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечти. Партиянын бул тууралуу чечимин анын лидери Феликс Кулов «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Билдирүүдө жазылгандай, мындай чечим шайлоого катышуучу партиялардын тизмесине жана азыркы кырдаалдагы шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү маселесине байланыштуу кабыл алынды.

Анда: «Талапкерлердин тизмесин праймериз – партиянын ичиндеги тандоо аркылуу түзүү коомчулукка талапкерлер тууралуу алдын-ала маалымат алууга, ал эми парламентке мыкты, кесипкөй депутаттар келүүсүнө мүмкүнчүлүк бермек. Тилекке каршы, учурдагы пандемиялык кырдаал буга жол берген жок. Ошондуктан, биз мурункудай капчыктуулар жеңишке жетишкен шайлоого катышуудан баш тарттык», - деп жазылган.

«Ар-Намыс» партиясы учурдагы пандемияга байланыштуу добуш берүүнү бир күндө эмес, бир нече күндө жүргүзүү тууралуу сунушу каралбаганын билдирүүдө. Партиянын жүйөсүнө ылайык, аралыкты сактоо жана башка санитардык талаптарды аткаруу менен бир күндө добуш берип жетишүү мүмкүн эмес. Мындан тышкары азыркы кырдаал саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзүшүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Онлайн үгүт учурунда шайлоочулар талапкерлер менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышпайт.

«Ар-Намыс» партиясы жарышка катышпаса да, атайын адистер менен кошо шайлоо алдындагы программасын түзгөнүн белгилеп, кийинчерээк аны коомчулукка жарыя кыларын билдирүүдө. Партия бул программасын шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөттүн жаңы курамына сунуш кылмакчы.

«Ар-Намыс» партиясы 1999-жылы, 9-июлда түзүлгөн. Партиянын негиздөөчүсү жана лидери - Феликс Кулов. Ал 2000-2005-2010-жылдардагы шайлоолорго катышып, жеңишке жетишкен. 2015-жылы парламенттик шайлоого катышып, бирок уткан эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. 18-августка карата беш партия түрдүү себептер менен жарыштан чыккан. Партиялар 20-августтан кечикпей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG