Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Премьер-министр саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды


Премьер-министр Кубатбек Боронов.
Премьер-министр Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда парламенттик шайлоону COVID-19 пандемиясынын убагында өткөрүүдө саясий партиялардын жоопкерчилиги жогору. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы онлайн брифингде билдирип, саясий партияларды санитардык эрежелерди сактоого чакырды:

«Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташып калды, бирок айрым райондордо абал дагы эле курч. Бул шартта бардык тарап, анын ичинде жагдайды мындан ары да жакшыртуу маселесинде саясий партиялар жоопкерчиликтүү болууга тийиш. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүш үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчиси - залда уруксат берилген санда гана адам болуш керек. Имараттарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сакталып, байма-бай желдетилип турушу керек».

Кубатбек Боронов элге де кайрылып, пандемиядан улам санитардык эрежелерди сактоону өтүндү.

Учурда парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар өз жыйындарын өткөрүп жатышат. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка дейре жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. (NT)

XS
SM
MD
LG