Алмазбек Орозалиев Бишкек шаардык милициясын убактылуу жетектейт

Алмаз Орозалиев.

Алмаз Орозалиев.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевге Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруу милдети жүктөлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаардык милициясынын башчысы Канат Жумагазиев парламенттик шайлоого катышып жаткандыктан кызматынан бошотулган.

Дагы караңыз

Мандатты самаган аткаминерлер БШК «Кыргызстандын» документтерин артка кайтарды Шайлоодогу бийлик менен байлыктын кармашы

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев өлкөдө өзгөчө абал режими маалында Бишкек шаарынын коменданты болуп иштеген. (TSh)