Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Бийликтин медиа боюнча сунушу каралбай турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык штаб президенттик аппараттын журналисттердин ишмердигине байланыштуу сунушуна көңүл бура элек.

Бул көйгөй мултимедиалык маалыматтардын сапатына таасирин тийгизип, журналисттер эл турмушун чагылдырууда кыйынчылыкка кабылууда. Натыйжада сайттарда жана телерадиодо расмий кабарлар басымдуулук кыла баштады.

Уктоочу бөлмөдө, ашканада же залдын бир бурчунда – кыргызстандык журналисттердин бүгүнкү жумуш шарты ушундай. Өзгөчө абал учурунда алардын ээн-эркин иштешине чектөө коюлган. Мурдагыдай эл аралап, жарандардын ой-пикирин коомчулукка алып чыкканга мүмкүнчүлүк жок.

Көз карандысыз «Kaktus.media» сайтында карапайым калктын жашоосун чагылдырган макала-баяндар, репортаждар азайды. Басылманын жетекчиси Дина Маслова буларды айтты:

Дина Маслова
Дина Маслова

«Себеби биз көчөгө чыгып, адамдар менен сүйлөшө албайбыз. Биздин сайтта расмий жаңылыктар көбөйдү. Азыр мамлекет гана негизги маалымат булагы болуп калды. Альтернативдүү булактар жок. Бийлик берип жаткан маалыматтардын көбү так-даана эмес. Журналисттер керектүү суроолорго анык жооп алышы да кыйындады. Биз бул боштукту толтуруу үчүн социалдык тармактардагы баракчаларда эксперттер менен онлайн интервьюларды уюштурдук. Ошондой эле чет элдеги мекендештерибиз, окурмандарыбыз жиберген видеолордун, сүрөттөрдүн негизинде да сюжеттерди чыгарып жатабыз. Албетте, алар жиберген материалдар профессионалдык камерада тартылган эмес, ошентсе да, жоктон көрө жогору».

Журналисттер коронавируска байланыштуу суроолорду да тийиштүү чиновниктерге түз бере албай, илдетке каршы Республикалык штаб күнүгө бир жолу сунуш кылган расмий маалыматтар менен гана чектелип отурушат. Өкмөт өкүлү онлайн брифинг учурунда социалдык тармактардан жолдонгон суроолордун кээ бирине жооп берсе, айрымдары окулбай калууда.

Жумушу эфирге байланган телерадиолордо маселе ого бетер оор болуп жатат. Телеканалдарда эфирдин көп бөлүгүн кайталоо программалар жана көркөм тасмалар ээледи. Радиолордо карантин шартында даярдалган сюжеттердин техникалык сапаты төмөндөдү.

Коомдук телерадиокорпорацияга караштуу «Биринчи радионун» продюсери Таалайгүл Сыдыкбекова эфирдеги туруктуу түрмөктөр токтотулганын айтты:

Таалайгүл Сыдыкбекова
Таалайгүл Сыдыкбекова

«Биз күнүгө өзгөчө абал жарыяланган жерлердеги коменданттардын брифингдерин түз эфирден уктуруп жатабыз. Мурдагы программаларыбыздын ордун негизинен ошолор толуктап жатат. Кабарчыларыбыз репортаж, маектерин онлайн даярдоого өткөн. Алардын айлык акысына байланыштуу маселе жаралбайт».

Мамлекеттеги башкы маалыматтык деп сыпатталган «Ала-Тоо-24» каналындагы кечки жаңылыктар түрмөгү да алдын ала жаздырылып, анан эфирге берилип жатканын шеф-редактор Сюита Соурбаева «Настоящее время» каналына айтты. Каналдын жаңылыктар бөлүмүндөгү иш үстөлдөр бош турат. Журналисттер үйдө иштейт. Алып баруучуну жана редакторду комендатуранын берген уруксат кагазы менен каналдын айдоочусу ташыйт. Бирок мындай кагаз көпчүлүк басылмаларда жок».

Эксперт Гүлнура Торалиева бийликтин өзүнө ыңгайлуу медиага уруксат берип, калганына өгөй мамиле жасашы маалымат айдыңында бир тараптуу кабарлар көбөйүп, социалдык медиада элди дүрбөлөңгө салган, такталбаган маалыматтар жайыларын билдирди:

Гүлнура Торалиева
Гүлнура Торалиева

«Чектөө бийлик менен коомдун ортосунда ажырымды пайда кылат. Кыргызстанда мамлекет элди толук маалымат менен камсыздай албайт. Журналисттердин элге туура маалымат жеткирип турушу да вирус менен күрөшүүнүн негизги жолдорунун бири. Ошондой эле журналисттердин дагы бир ролу бар - алар өкмөттүн ишинин тактыгына мониторинг жасашат. Мындай учурда журналисттерге иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө бийлик кызыкдар болууга тийиш».

Бир катар медиа биригип, ушул жаатта бийликке кайрылуу да жолдошкон. Журналисттер карантин маалында өзүн алып жүрүүнүн бардык шарттарын аткарууга даярдыгын, болгону эркин иштегенге уруксат берүүнү гана өтүнүшүүдө.

Алмазбек Орозалиев
Алмазбек Орозалиев

Президенттик аппарат комендатураларга медиа менен иштөө форматын кайра карап чыгууну 14-апрелде тапшырган. Бирок ал маселе карала электигин ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 17-апрелде билдирди:

«Республикалык штаб да бизге тапшырма бере элек. Комендатура алардын чечимине жараша маселени карайбыз».

Кыргыз медиасы коронавируска байланыштуу көбүнчө расмий маалыматтар менен алпурушуп калган учурда чет элдик басылмаларда дарыгерлердин кандай шартта иштеп, адамдар эмнеге муктаж экенин фактылар менен көрсөтүп, илдет өзгөрткөн тагдырларды жарыялоого басым жасаган баяндар көбөйдү.

«Politmer.kg» сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева журналисттерди азыркы социалдык тармактардын жардамында эл турмушунан алынган кызыктуу, актуалдуу баяндарды даярдай берүүгө чакырды:

Наргиза Нанакеева
Наргиза Нанакеева

«Мунун баары журналисттин тапкычтыгына, көрөгөчтүгүнө байланыштуу деп ойлойм. Биздин ишти бийлик чектеп койду деп, расмий маалыматтар менен гана чектелип отуруп калуу туура эмес. Мессенжерлердин түрү көп, азыркы кырдаал бизге үй шартында отуруп журналистиканы өнүктүрүүгө, видеоблогдорду тартып, аны башкаларга бөлүшүүгө шарт түзүүдө».

«ПолитКлиника» басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова карантин журналисттердин чыгармачылыгына гана эмес, каржылык абалына да кедергесин тийгизгенин билдирди:

Дилбар Алимова
Дилбар Алимова

«Рекламалык материалдардын саны да азайды. Кеңсенин ижарасын төлөөдө дагы маселе пайда болду. Ижарага берүүчүлөрдөн жеңилдик сурагандан майнап чыккан жок. Азыр айрым эл аралык уюмдарга шартыбызды түшүндүрүп, кайрылып жатабыз, эгерде маселе оң жагына чечилип калса, анда биз штатыбызды кыскартпай сактап, журналисттердин аралыктан иш алып баруусуна шарт түзүп берет элек».

Бирок пандемия «ПолитКлиника» сайтына жаңы идеяларды берди. Пандемия учурунда фейк маалыматтар көбөйүп, өнөктөш медиалар менен бирге чын-төгүнүн тактаган Фактчекинг макалаларды чыгарып, ал кабарлар дароо элди көп окулган маалыматтардын катарын толуктоодо. Мындан улам басылма жетекчилиги «Фактчекинг» бөлүмүн ачууну пландап жатат.

Коронавирустун жайылышынын алдын-алуу максатында 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. 14-апрелде Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулган. Мындай режим 30-апрелге чейин уланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG