Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Бийлик элди жоопкерчиликтүү болууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда карантин токтосо биринчи кезекте күнүмдүк маянага иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет.

Өкмөт буга чейин өзгөчө абалдын шарттарын жумшартканы жатканы белгилүү болгон. Бийлик ошол эле кезде жарандарды социалдык аралыкты, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырып жатат.

Коронавирус менен күрөшүүдө дүйнөнүн бир нече өлкөсү анын ичинде Кыргызстан да карантин жолун тандап алган.

Бишкек баштаган үч шаар, үч райондо өзгөчө абал киргизилгенине бир ай, Нарын шаары менен Ат-Башы районуна ушундай эле режим жарыяланганына 10 күн болду.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда коменданттык саатта кыймыл толук токтоп, мекеме-ишканалар убактылуу жабылган. Эми мындай режим 30-апрелден кийин уланбаса, ишкерликтин айрым түрлөрүнө уруксат берилгени турат.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди:

Алмазбек Орозалиев.
Алмазбек Орозалиев.

«Биз абалды талдап чыктык. Ага ылайык биринчи кезекте күнүмдүк маянага иштегендерге жумушка чыгууга уруксат берилет. Алар: курулушта иштегендер, техникалык тейлөө жана желимдөө станциялары, такси айдагандар. Бирок санитардык-эпидемиологиялык эрежелер так сакталышы шарт. Таксиде жүргүнчүнүн саны экиден көп болбошу керек».

Бийлик оңой эмес экономикалык кырдаалдан улам компаниялар ишин жандантышы керектигин, буга байланыштуу ишин баштоого болот деген ишканалардын тизмеси аныкталганын кабарлаган.

Азырынча тизме жарыялана элек. Жакында эле Ош облусунда көмүр кендеринде жана цемент заводунда 15 компания иштей баштаган.

Кризистик кырдаалда экономиканы жандандыруу үчүн ишканалардын ишине уруксат берүү муктаждык болуп турат. Дарыгерлер ошол эле кезде коронавирустан коргонуу, анын жайылышынын алдын-алуу чараларын да эстен чыгарбаш керектигин эскертишүүдө.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандар өзгөчө абал алынып, талаптар жумшарган күндө да санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сакташы керектигин белгиледи:

«Карантиндин шарттары жеңилдетилет. Ошону менен бирге азыркы кырдаалда ар бирин жаран жоопкерчиликтүү мамиле кылууга убакыт келди. Себеби, өзгөчө абалды жеңилдеткенден кийин шаан-шөкөт кылып себепсиз эле эки жакка баспаш керек. Эгерде социалдык аралык деген талаптарды бузсак, өзгөчө абал учурунда жасалган эмгектин баары текке кетет. Абалды туура түшүнүп, үй шартында карантинде жаткандар да эрежелерди так сакташы зарыл».

Министрлик кишилер коомдук жайларда, дүкөн, дарыканаларда, адамдар көп чогулган жерлерде ортодогу аралык сакталып, беткап тагынууну керектигин кайталап келет.

Анын үстүнө быйыл Орозо айы да карантин учуруна туш келди. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы адамдарды ооз ачуу үчүн бири-бириникине барбоону, таравих намазын үйдөн окууга чакырды.

Өзгөчө абал режими кирген жерлерде карантиндин талаптарын аткарбай күч кызматкерлери менен урушкан, эс алуу үчүн жаратылышка чыгып кеткен учурлар бар.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров акыркы күндөрү Бишкекте автоунаа, адамдардын кыймылы көбөйгөнүн айтып, карантиндин эрежелерин сактабагандарды сындады.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

«Үчүнчү дүйнөлүк согушка тете деп салыштырылып жаткан коронавирус менен күрөшүү боюнча шарттарды жарандар аткара албай жатабыз. Кечээ дары-дармек алайын деп «Манас» айылына барсам, эл тапырап-топурап аралыкты сактабай эле жүрөт. Беткап тагынган деле киши жок. Минтип отурсак биз коронавирусту азайтпай эле көбөйтөбүз. Бул балекеттен арылыш үчүн ар бир кыргызстандык жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Өмүр менен өлүм маселеси турса эмне үчүн кайдыгер мамиле кылабыз?».

Карантинде базарда эл батпайт. 24-апрель, 2020-жыл

Өкмөт ушул күндөрү оорунун жайылышынын алдын-алуу иш-чараларынын кийинки этабын баштаганын билдирди. Анда илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо иштери жүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов бир апта бою эпидемиологиялык иликтөөлөр жүрүп, үймө-үй кыдыруулар болорун айтты. Мында жаңы конуштарга жана эл жыш отурукташкан аймактарга өзгөчө көңүл бурулат.

Блогер Эрнис Жээнтаев кандай болгон күндө да өлкөдө өзгөчө абалды узартууга мүмкүн эмес экенин, бир жума ичинде өкмөт адамдардын коопсуздугу үчүн көчөлөрдү дезинфекциялоону күчөтүш керектигин айтты.

«Бийлик карантин деп элди бир ай үйдө отургузгандан кийин саламатык сактоо системасын оңдоп, медицина кызматкерлерлин пандемияга каршы күрөшкө даярдаш керек болчу. Тилекке каршы жетиштүү иштер болгон жок. Анткени ошол эле дарыгерлердин өзүнө коронавирус жугуп, жардамга муктаж болуп турат. Эми карантинди дагы узартканга болбойт. Себеби, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр көбөйүп жатат. Мисалы, ушул күнгө чейин жардамга муктаж адамдардын үчтөн бирине эле жардам берилди. Карантин дагы узартылса аларга оор болуп калат. Карантиндин бүтөрүнө дагы бир жума бар. Ушул убакытта көчөлөрдү жакшы тазалаш керек. Анткени эл таза чөйрөгө чыгыш керек да».

Жакында эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) пандемия дүйнөнү өзгөртөрүн, илдет көпкө чейин созуларын жарыялады. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус мындай деген эле.

Тедрос Аданом Гебрейсус.
Тедрос Аданом Гебрейсус.

«Алдыда узак жол бар. Бул вирус биз менен дагы көпкө чейин болот. Батыш Европада абал турукташып баратат. Бирок Африкада, Борбордук жана Түштүк Америкада, Чыгыш Европада коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Айрым өлкөлөр пандемиянын алгачкы баскычында турса кээ бир мамлекеттерде экинчи толкуну башталды. Эч качан ката кетирбегиле. Карантин кирген өлкөлөрдө бул шарт адамдардын кыжырын келтирип жатат. Анткени алар бир нече жумадан бери үйүнөн чыга элек. Бирок социалдык аралыкты сактоо вирустан коргонуунун жакшы ыкмасы. Дүйнө мындан ары мурдагыдай болбойт».

30-апрелге чейин Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG