БШК: «Актив» партиясы шайлоо күрөөсүн төлөй элек

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз өкүлү Руслан Изрековдун айтымында, «Актив» саясий партиясынын документтерин жумушчу топ текшерип чыгып, шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документти жок экенин аныктаган.

Изрековдун айтымында, жакын арада бул партияны жарыштан четтетүү боюнча маселе каралат. Азырынча «Актив» саясий партиясынын өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Дагы караңыз

БШК документ тапшырган партиялар боюнча алдын-ала маалымат берди«Кыргызстан» партиясы Бишкектин административдик сотуна арыз бердиБакир уулу: «Бүтүн Кыргызстан» курултайдагы тизмени өзгөрткөн Боршайком сынга кабылды

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия тапшырганын расмий кабарланган. Бирок «Кыргызстан» партиясынын документтери шарттарды бузган деген негиз менен 25-августта артка кайтарылган. (TSh)