Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Боршайком сынга кабылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-августтагы жыйыны.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 25-августтагы жыйыны.

«Кыргызстан» партиясына байланышкан акыркы окуя Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишине айтылган сын менен дооматты күчөттү.

Боршайком партиянын документтерин кабыл алуу боюнча берген карама-каршы маалыматтар мекеменин ичиндеги уюштуруу иштери тууралуу маселени козгоду. Бир катар талдоочулар шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдын мүчөлөрү бийликтин жана саясий партиялардын кызыкчылыгын коргоо менен алектенип жатканын, БШКны реформалаш керек экенин айтып жатышат.

Талкууга тамызгы болгон окуя

Кийинки күндөрү БШК коомчулукта талкуунун бутасына айланды. Буга «Кыргызстан» партиясынын документтерин кабыл алуудагы жагдайлар себеп болду. Ушул маселеде Боршайком бир эле окуя боюнча эки башка маалымат берип, биринчи күнү тараткан маалыматы эртеси эле өзгөрүп кетти.

Боршайком 24-августта Жогорку Кеңешке шайлоого катышууга аттанган партиялардын 17си талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди тапшырып үлгүргөнүн кабарлаган. Алардын ичинде «Кыргызстан» да бар болчу. 25-августта БШК документтерди «Кыргызстан» партиясынын өкүлү алып келген эмес жана мыйзамда белгиленген талаптар аткарылган жок деген негиз менен кайра артка кайтарды.

Дагы бир жагдай: документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17:59 деп жазылган. Ал эми БШКдагы камерада партиянын документин партиянын адамдары 18:02де алып киришкенин көрүүгө болот. Боршайкомдун аппараттынын кызматкери партия документти убагында алып келгенин, мекемедеги видеобайкоонун сааты артта экенин айткан.

«Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева партиянын айланасындагы чуу үчүн БШКны күнөөлөдү:

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.

«Партиянын өкүлдөрүн каттаган журнал өкмөттүн токтому менен номер коюлуп атайын даярдалышы керек болчу. Экинчиден, ага жазылган сандарды туура оңдош керек эле. Ушул үч нерсе эле мыйзам бузуу болгонун көрсөтөт. Ушунча убакытта бир журналды даярдап коё албай БШКнын кызматкерлери шалаакылык кылышты».

Социалдык тармактарда бийлик өлкөдө жапырт санариптештирүү жүрүп атканын даңазалап жатканда БШК партиялардын өкүлдөрү документтерди качан тапшырганын журналга жазып, аны кайра оңдогонун сындап жатышат. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов журнал боюнча мындай түшүндүрмө берди:

«Ал жумушчу топтун журналы. Ага партиянын өкүлү келгени тууралуу гана маалымат жазылат. Мисалы, сиз деле колуңузга жумушуңузга керектүү китепчени алып алышыңыз мүмкүн да. Аны каттоо журналы деп айтууга да болбойт. Жумушчу топтун катчысынын гана эстетме китепчеси».

Саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы

«Кыргызстан» партиясынын документтеринин артка кайтарылышы жана анын айланасындагы талкуу БШКнын шайлоону уюштуруу иштерине байланыштуу талкууну күчөттү.

Шайлоого аттанган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Чоң Казат», «Реформа» саясий партиялары «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты. Алар БШКнын тийиштүү кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну суранып жатышат.

Шайлоону таза өткөрүүнү талап кылып БШКнын имаратынын алдына пикетке чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров шайлоону өткөрүүгө жооптуу мекеменин жетекчисин кызматтан кетүүгө чакырды:

Өндүрүш Токтонасыров БШК имаратынын алдында. 25-август.
Өндүрүш Токтонасыров БШК имаратынын алдында. 25-август.

«БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын иш-аракети коронавирустан да коркунучтуу. Шайлоону өткөрүүгө болгон алгачкы иштер эле күмөн ойлорду жаратты. Эгерде бул улана берсе шайлоо таза өтпөйт».

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болу жолу өзгөчө абалда, коронавирус пандемиясынын шартында өткөнү жатат. Ошондуктан шайлоону уюштуруу иштеринде Боршайкомго эки эсе көп жүк артылды. Анын үстүнө Шайлдабекова баштаган мекеменин мүчөлөрү биринчи жолу парламенттик шайлоо өткөргөнү турушат. Ушул эле курам 2017-жылы президенттик шайлоону уюштурган. Айтмакчы, бул жолку саясий жарыш - Сооронбай Жээнбеков президент болуп тургандагы биринчи чоң шайлоо.

Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун анын жүрүшүндө, уюштуруу иштеринде жана шайлоо жыйынтыгында эң көп сын Боршайкомго айтылат. БШКнын мурдагы төрагасы Мамбетжунус Абылов шайлоодо негизги ишти Боршайкомдун аппараты аткарышы керектигин айтып, БШКнын иши саясатташып кеткенин айтууда:

«Аппараттын кызматкерлери жыйында эмне маселе качан караларын аныктап, документтерди даярдап бериши керек. Ал эми БШКнын мүчөлөрү аны карап чыгып добуш берет. Бирок көп учурда ал саясатташып кетет. Себеби, БШКнын мүчөлөрү партиялардын атынан келген. Алар болсо канткенде өз партиясынын кызыкчылыгына иштеп берерин ойлойт. Эгерде БШК ушундай тартипте иштей берсе шайлоо чоң жаңжалга айланат».

«БШКны реформалаш керек»

БШКнын азыркы курамы 2016-жылы шайланган. Нуржан Шайылдабекова, Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров президенттин квотасы менен келген.

Адилет Сатыгуловду, Акылбек Эшимовду, Гүлнара Журабаеваны, Атыр Абдрахматованы, Елена Жылкычиеваны, Абдыжапар Бекматовду жана Кайрат Осмоналиевди парламенттеги фракциялар көрсөткөн.

«Легендарлуу парламенттин» депутаты, академик Жамин Акималиев БШКны түп-тамырынан бери реформа кылыш керек деп эсептейт.

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

«Заман өзгөрдү, система башка, - деп түшүндүрдү ал. - Эгемен мамлекетте жашап жатабыз. Бирок биздин БШК Совет доорундагы бойдон эле калды. Ошол кезде БШК Борбордук комитеттин тилин алчу жана эмнени айтса ошону жасап берчү. БШК деген эркиндикти, демократияны сыйлаган орган болуш керек да. БШКга жарандык коомдон адамдарды кошпосок бул орган катып калган кара таштай эле болуп калды. БШК азыр жогору жактын гана көзүн карап турат. Бул шайлоодо болбосо да келечекте өзгөртпөсөк нааразылык боло берет».

Мыйзам боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат. Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген.

БШК менен "Кыргызстан" партиясынын талашынын себеби
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:34 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG