Алматы-Бишкек-Алматы багытындагы каттамды «Эйр Астана» аба компаниясы жүргүзөт. Каттам аптасына эки жолу: шейшемби жана жекшемби күндөрү болот.
Ал эми Орусия менен туруктуу каттамдар жандана элек.
Учурда Орусия менен Кыргызстандын ортосунда чартердик каттамдар гана жүргүзүлүүдө. Транспорт жана жол министрлигинин маалыматына караганда, алар төмөнкүлөр:
Бишкек-Москва («Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына 12 каттам;
Бишкек-Новосибирск («Сибирь аба жолдору» жана «Авиа Траффик») - жумасына беш каттам;
Бишкек-Екатеринбург («Авиа Траффик», «Урал аба жолдору») – жумасына үч жолу;
Бишкек-Санкт-Петербург («Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына эки каттам;
Бишкек – Сургут («Авиа Траффик») – жумасына бир жолу;
Ош – Москва («Аэрофлот», «Урал аба жолдору», «Авиа Траффик» жана «Сибирь аба жолдору») – жумасына 13 каттам;
Ош – Новосибирск («Сибирь аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына алты каттам;
Ош - Екатеринбург («Урал аба жолдору», «Авиа Траффик») – жумасына төрт каттам;
Ош – Сургут («Авиа Траффик») – жумасына бир каттам;
Ош – Иркутск («Авиа Траффик») – жумасына бир каттам; Ош – Красноярск («Авиа Траффик») – жумасына эки каттам.
Пандемия башталгандан кийин, 20-марттан тартып Кыргызстан эл аралык жана ички каттамдарын токтоткон. Марттан августка чейинки аралыкта Орусиядан 153 чартердик каттам уюштурулуп, 27 296 кыргызстандык жаран алынып келген.
Июнь айынан тартып Ош-Бишкек багытындагы ички каттам жанданган. 14-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен, 18-сентябрдан Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттамдар ишин улантты.
Август, сентябрь айларында Кыргызстан Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын жанданткан. (ZKo)
Дагы караңыз
Акыркы үч жылда коррупцияга байланыштуу 6541 иштен сотко 965и гана жиберилгенДССУ Европада коронавирус кайра жайылып жатканын эскерттиЭтибар алына элек «экинчи толкун»Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн коррупцияга каршы жаңы стратегиясы кабыл алындыФинансы министрлиги: Бакиевдер уурдаган 4,5 млн. доллар казыналыкка келип түшкөн