Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:35

Финансы министрлиги: Бакиевдер уурдаган 4,5 млн. доллар казыналыкка келип түшкөн


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

АКШ Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү уурдады деген акчанын 4,5 миллион долларын 2019-жылы кайтарып берген. Бул тууралуу 17-сентябрда «Азаттыкка» Кыргызстандын Финансы министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, кыргыз өкмөтүнүн «Бакиевдер коррупция жана мамлекеттик акчаны уурдоо жолу менен чыгарып кеткен» активдери кайтарылып, 2019-жылдын 20-мартында Башкы казыналыктын эсебине төрт миллион 560 миң 790 доллар келип түшкөн. Доллардын ошол кездеги курсу боюнча бул сумма 318 миллион сомдон ашуун акчаны түзгөн.

2019-жылдын 27-февралында АКШнын Юстиция министрлиги акчанын изи Бакиевдердин жеке банкири, өнөктөшү аталган Евгений Гуревичтин кылмыш ишин иликтөөдө табылып, алты миллион доллар конфискация болгонун жарыялаган. Анын 4,5 миллион долларга жакыны кайтарыла турган болгон.

АКШ тарап «кыргыз өкмөтү бул акчаны аймактык ооруканаларга медициналык жабдыктарды сатып алууга, айылдарды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна, антикоррупциялык программаларга жумшай турганын ырастады» деп билдирген. АКШ менен Кыргызстан Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 2019-жылдын 25-февралында Бишкекте кол коюшкан. Калган каражатты кайтаруу үчүн кошумча аракеттер пландаштырылып жатканы маалымдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG