Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

COVID-19: ИИМ камак жайында ооруп жаткан алты адам тууралуу маалымат берди


Кызыл-Кыяда милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган алты адам коронавирусту башка жактан жугузуп алган болушу ыктымал. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-сентябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, эпидемия башталгандан бери бул жайда санитардык эрежелер так сакталып келет, камоого алынуучу ар бир адам ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөткөн кагаз менен кабыл алынат. Мындан тышкары, тийиштүү мекемелер санитардык-эпидемиологиялык абалга көзөмөл жүргүзүп турушат.

Бирок, ИИМ белгилегендей, убактылуу кармоочу жайда отурган адамдар сыртка чыгарылып, соттук-тергөө иштерине, соттук кароого катышып турушат.

«Көзөмөл иретинде экинчи жолу анализ тапшырганда 14-сентябрда алты адамдан COVID-19 чыккан. Алар өзүнчө камераларга жайгаштырылып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган», деп айтылат маалыматта.

16-сентябрда Интернетте Кыйноонун алдын алуу борборунун бул жай боюнча маалыматы тараган. Анда мекеменин кызматкерлери санитардык коопсуздук эрежелерин сактабай иштеп жатканы, вирустук инфекциянын алдын алуу тууралуу маалымат бурчу жок экени айтылган.

Милиция ар бир кызматкер мээлей жана беткап, антисептикалык каражат менен толук камсыз болгонун, инфекциянын алдын алуу тууралуу атайын бурч бар экенин билдирүүдө.

Кыргызстанда март айында башталган коронавирус эпидемиясы бир миңден ашуун адамдын өмүрүн алды, жалпысынан бул ооруга 45 миңдей адам чалдыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG