Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

№2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000 кишиге жетти


Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда билдирди.

13-сентябрда бул көрсөткүч 253 миң, 8-сентябрда 188 миң болчу.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат.

Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келатышат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактады. Шайлоо тилкелеринин саны - 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот.

№2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG