Облустук бийлик: Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу Кара-Кечеге жол ачык

Көчкү жүргөн жер. Жумгал. 2020-жылдын 14-сентябры.

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Кара-Кече кенинде ишканалар көмүр казуу иштерин улантып жатканын маалымдады. Облустук бийлик көмүр тарткан автоунааларды Ак-Талаа, Нарын райондору аркылуу өткөн жол менен Кара-Кечеден көмүр тартууну улантууга чакырат.

“Ат-Башы, Нарын, Ак-Талаа райондоруна жана Нарын шаарына көмүр тартуу ишин уланта бериши зарыл экендигин эскертебиз”, деп айтылат билдирүүдө.

Дагы караңыз

Кара-Кече: Көчкөн тоодон таш түшкөнү токтой элек, жол салуу иши күнү-түнү жүрөтКара-Кечеде калган айдоочуларКара-Кечеде көчкү баскан жерди айланып өтчү жаңы жол курула баштады Кара-Кечедеги кырсык кендеги тартипти эске салдыЖол министрлиги: Кара-Кечеде көчкү токтой элек, жаңы айланма жол курулат

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып турган стратегиялык жол тосулуп калган. Облустук бийлик учурда башка жол салуу иштери уланып жатканын кабарлады. Жумгалдагы көмүр кендеринен Бишкек Жылуулук электр борборуна жыл сайын 700 миң тонна көмүр ташылат. (TSh)