Сооронбай Жээнбеков Орусия менен Венгрияга барууга камынууда

Cооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти сентябрдын этегинде Орусияга жана Венгрияга барат. Расмий маалыматка ылайык, 28-сентябрда Орусияга жумушчу сапар менен, ошол эле күнү Венгрияга эки күндүк расмий сапар менен барат.

25-сентябрда Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы сапарларды талкуулады.

Жээнбеков Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Венгрияда премьер-министр Виктор Орбан, президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын спикери Ласло Кёвер менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 2018-жылы сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген. (SE)

Дагы караңыз

Поляк шахтёрлору жер алдынан чыкпай жатышатНавальныйдын батири жана банк эсеби камакка коюлду26-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалыматКим Чен Ын Түштүк Кореядан кечирим сурады