Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Поляк шахтёрлору жер алдынан чыкпай жатышат


Поляк шахтёру.
Поляк шахтёру.

Польшанын шахтёрлору өкмөттүн көмүр казууну азайтуу планына каршылык билдирип жер үстүнө чыгуудан баш тартышты. Нааразылык акциясы 23-сентябрда башталган. Бейшембиге карата алар эки эсе көбөйүп, 400гө чамалады.

Польша Еврокомиссиянын басымы астында 2040-жылга чейинки энергетикалык стратегиясын жаңылаган. Уюм Варшава климат боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта гана 750 миллиард евро бөлүүгө убада берген.

Польшанын көмүр шахталарында 100 миңдей адам иштейт. Профсоюздардын бийлик менен сүйлөшүүсү шаршембиде 11 саатка созулуп, мунаса табылган эмес.

Жума күнү сырттагы шахтёрлор өлкөдөгү эң ири көмүр компаниясынын баш кеңсеси жайгашкан Руда-Сленска шаарында нааразылык акциясын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG