Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Майлуу-Суудагы лампа заводун «Кыргызмунайгаздын» карамагына өткөрүү каралууда


Кочкор-Атадагы «Кыргызмунайгаз» ишканасы банкрот абалына туш болгон Майлуу-Суудагы электр лампа заводун өз карамагына алат. Маселе буга чейин өкмөттө каралганын, азыр даярдык иштери жүрүп жатканын «Кыргызмунайгаздын» жетекчиси Рашит Бостонов билдирди.

Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводу 1967-жылы ишке кирген. Кезинде 7-8 миңге чейин адам эмгектенген мекемеде, азыр 1,5 миң жумушчу калган. 1974-жылы бир млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен. Быйыл болсо 90 млн. гана лампочка чыгаруу планы бар экени айтылган.

Лампа заводу 2003-жылы жеке ишкерлерге сатылган. Ишкананын мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн 2009-жылы банкрот деп жарыяланып, кийин «Майлуу-Суу лампа заводу» жоопкерчилиги чектелген коому болуп уюштурулган.

26 миңдей адам жашаган Майлуу-Суу шаарынын жашоочуларынын турмуш-тиричилиги да заводго байланыштуу. Ишкана жылына 50 млн. сомдой салык төлөйт.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кыргызстандын Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. метр куб газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кендери бар. Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларынын калкын да аймакта өндүрүлгөн көгүлтүр от менен камсыз кылат. (TB)

XS
SM
MD
LG