АКШда президенттикке талапкерлердин дебатын көрүүчүлөр азайды

АКШ президенттигине талапкерлер Дональд Трамп менен Жо Байден дебаттын алгачкы айлампасына чыкты. Кливленд шаары. 30-сентябрь, 2020-жыл.

30-сентябрда АКШнын президенттигине талапкерлер Трамп менен Байдендин дебатын 73 миллиондон ашуун киши көрдү. Бул америкалык телеканалдар аркылуу көргөн адамдардын саны.

«Nielsen» («Нилсен») изилдөө борбору маалымдагандай, дебаттын аудиториясы 2016-жылкы шайлоого караганда кыйла азайган. Андагы талапкерлер республикачы Дональд Трамп менен демократ Хиллари Клинтондун таймашын телеканалдар аркылуу 84 миллион адам көргөн.

Трамп менен Байдендин дебатынын 1-айлампасы 30-сентябрда Кливленд шаарында болду. Экинчи дебаты 15-октябрда, Майамиде болот. 3-дебат 22-октябрда, Нэшвиллде болору кабарланды.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Анда вице-президент, Өкүлдөр Палатасынын мүчөлөрү, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү жана 13 штаттын губернаторлору да шайланат.

Дагы караңыз

Трамп менен Байден кайым айтыштыЧехияда коронавирустан улам кайрадан өзгөчө абал жарыяланатАКШда орусиялык хакер Никулин жети жылга кесилдиТихановская Беларуста атаандаш өкмөт түзөрүн жарыяладыАтамбаев тапкан «факты» талкууга түштүЭлТР «Азаттыктын» көрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тартты