Беларус бийлиги ок атарын эскертти

Беларуста иш таштоого бир катар окуу жайларынын мугалимдери жана студенттери да кошулду. 26-октябрь, 2020-жыл.

Беларустун Ички иштер министрлиги «башаламандык менен терактка» катышкандарга ок атыларын эскертүүдө.

Эскертүүнү ички иштер министри Юрий Караев 28-октябрда, Александр Лукашенко оппозициянын нааразылыгын «уюшкан кылмыштуу топтун аракети» дегенден бир күндөн кийин берди.

Лукашенко өзүнүн башкаруу режимине каршы чыккан митингчилердин талабын «террористтик коркунуч» деп атаган.

Министр Караев митингдерди күч менен басуу аракети үчүн Евробиримдиктин санкциясына кабылган. Ал журналисттерге тынч демонстранттарга каршы ок атылбай турганын билдирип, ошол эле учурда эгер адам «башаламандык жана теракт кылчу болсо аны полициянын колундагы түрдүү жолдор менен күч колдонуудан тартып, ок атууга чейин токтотууга болорун» айтты.

Беларуста быйыл августта өткөн президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланууда. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенконун жеңгенин жарыялаганы менен оппозиция аны тааныган эмес.

Ошол убакыттан бери оппозициянын акциялары уланууда. Эки жума мурун оппозициянын лидери Светлана Тихановская Беларуста 25-октябрга чейин Александр Лукашенкодон бийликтен кетүүнү, камактагы саясий туткундарды бошотууну талап кылган. Талап аткарылбаса жалпы элдик иш таштоо болорун эскерткен.

26-октябрда өлкөдөгү бир катар мамлекеттик ишканаларда иштегендер бул акцияга катышкан.

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн узартып алдыИИМ тогуз айдын жыйынтыгын чыгардыФиладелфияда жапырт нааразылык акциялары уланды (видео)«Шамбала» тасмасы Калькуттадагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт«Facebook», «Twitter» жана «Google» компанияларынын жетекчилери Сенатка чакырылдыКордолгон Конституция, же мыйзам талаасындагы мыйзамсыз иш-аракет