Бишкекте электр энергиясы жана жарык берүү калыбына келтирилди

Бишкек ЖЭБи.

Баш калаада 29-октябрда кечке жуук жылуулук берүү калыбына келтирилгенин «Бишкек жылуулук тармактары» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта:

«Ишкананын адистери имараттардагы жылуулук түтүктөрүнөн абаны чыгаруу жана жылуулук режимин калыбына келтирүү иштерин улантып жатышат. Бул 3-4 сааттык убакытты алат», деп жазылган.

29-октябрда күндүз Бишкекте электр энергиясы өчүп, батирлерде жылуулук үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу «Электр станциялары» ишканасы маалымат таратып, алгач «Түндүкэлектр» ишканасынын «Бишкек» көмөкчордонуна энергия жиберген ЖЭБдин ачык бөлүштүрүүчү каражатынын кабелдик линиялары чапташып калганын билдирген. Натыйжада Бишкек ЖЭБинин 7 AT автотрансформатору өчүп, жабдууларды коргоочу система иштеп кеткенин жана отказандар менен турбоагрегаттар автоматтык түрдө токтоп калганын маалымдаган.

Бишкек ЖЭБи «Электр станциялары» ишканасына карайт. Ал эми аталган ишкананы «Улуттук энергохолдинг» компаниясы көзөмөлдөйт.
ЖЭБ жалпысынан 129 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240 чамалуусу - социалдык объект.

2018-жылы 26-январда катуу суукта ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Ошондон кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ: сенаторлор Бээжиндин аракетин геноцидге теңедиКыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурадыӨзбекстанда таанымал окумуштуу Андрей Кубатин коронавирустан каза болдуЖогорку сот БШКнын арызын кечирээк алдыЖогорку Кеңеш: Спикердин орду үчүн оюн башталды «Түндүкэлектр» ишканасынын жетекчисинин алмашуусу боюнча митинг жок, нааразылык барФранция жабылып, Орусияда моргдор толду