Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Жогорку сот БШКнын арызын кечирээк алды


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын Жогорку сотко экинчи ирет 29-октябрда тапшырды.

Биринчи арызын Жогорку сот карабай туруп, артка кайтарып берип койгон. Буга Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арыздануу убагында мамлекеттик алымды төлөбөй койгону себеп болду деп түшүндүрүлүүдө. Эки чоң мамлекеттик түзүмдүн ортосундагы бул окуяны саясий оюн катары баалагандар да бар.

БШК парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кассациялык арызын Жогорку сотко экинчи ирет 29-октябрда тапшырды. Жогорку соттун басма сөз катчысы Изати Шугуралиева мыйзамдарга ылайык, үч күндүн ичинде арыз кайра караларын билдирди:

«Арыз азыр бизге жаңы эле келип түштү. Бирок ал качан караларын билбейбиз. Негизи мыйзам боюнча үч күндүн ичинде өндүрүшкө алынышы керек. Документтер эми катталып жатат. Кайсы коллегияда, кайсы бөлүм, качан карайт деген процесстерге жете элекпиз. Бизге кайсы күнү каралары билинсе эле дароо маалымат таркатабыз».

БШК 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган.

Ары-бери түртүлгөн арыздар

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» уюму менен «Актив» саясий партиясы БШКнын бул чечимине каршы арызданып, Бишкектин Административдик сотуна кайрылган. Бул сот органы Боршайкомдун чечимин жараксыз деп тааныгандыктан, БШК 28-октябрда кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Бирок эртеси эле БШКнын арызын Жогорку сот «мамлекеттик алым төлөнбөй калган» деген жүйө менен кайра кайтарган. 29-октябрда түштөн кийин БШК кайрадан толукталган документтер менен арызды экинчи ирет Жогорку сотко берди.

Эки негизги чечим чыгаруучу органдын ортосундагы бул окуяга себеп болгон мамлекеттик алымды төлөө - арызды берердин алдында ишке ашчу процедура. БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов алым убагында эле төлөнгөнүн айтты:

«Мен билдим, төлөнгөн экен. Болгону ошол арызды тапшырган аткаруучу кызматкердин атына дүмүрчөк жазылып калыптыр».

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова Жогорку сот менен БШКнын ортосундагы бул окуяда сөзсүз түрдө сотко бийликтин таасири болушу мүмкүн деп эсептейт. Ал кассациялык доо арызды кайра кайтаруунун алдында, аны кабыл алып жатканда эле документтерди Жогорку сот текшерип албай, ката кетиргенин билдирди. Мындан тышкары соттор бийликке керек болгон учурда документсиз эле чагылгандай тез чечим чыгарып жатышканын эске салды.

«Кайсы бийлик болбосун сотторго таасир этет, - деди ал. - Өзгөчө азыркыдай бийлик бөлүштүрүү учурунда сот гана өз алдынча, көз каранды эмес мамлекеттик бийликтин ээси болушу керек эле. Мыйзам бузулуп жаткан жерлерде сот өзүнүн калыс сөзүн айтышы зарыл. Бирок, тилекке каршы, бизде соттор антип иштебей, тескерисинче иштеп жатышат».

Арбыган талаш-тартыш

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча талаш-тартыштар барган сайын ырбап, бийликтин конституциялык референдум өткөрүү боюнча демилгесине чейин жетти.

22-октябрда Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртмөйүнчө парламенттик шайлоону өткөрбөй туруу жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ага ылайык депутаттар парламенттин азыркы чакырылышынын иш мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узарткан.

Анткен менен парламенттик шайлоону БШК белгилеген 20-декабрда өткөрүүнү бир нече саясий партия талап кылууда. 28-октябрда «Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган саясий партиялар «Үмүт» саясий кыймылына биригип, азыркы бийликке бир нече талаптарды койду. Алардын эң башында беш жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышын таратып, парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүү маселеси турат. БШК 20-декабрга шайлоо дайындаган соң ага катышуу максаты менен 48 партия шашылыш документтерин чогултуп, каттоодон да өткөн.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев шайлоолор боюнча мындай пикирде:

«Адегенде президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз керек. Легитимдүү президент шайлангандан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Ал шайлоону элдин талабына ылайык шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп туруп, жарандарга шайлоого жана шайланууга укук берген эрежелерди киргизип туруп, анан өткөрүүгө аракет кылабыз. Элдин талабы ушундай болуп жатат. Азыр парламенттик шайлоону өткөрсөк мурдагы эле эрежелер менен өтүп калат экен. Андыктан азыркы кадамдар туура эле болуп жатат».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы жапырт добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG