Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

АКШ: сенаторлор Бээжиндин аракетин геноцидге теңеди


Шинжаң
Шинжаң

АКШдагы сенаторлор Бээжиндин Шинжаңдагы мусулмандарга карата аракетин геноцид катары таанууга чакырышты. Резолюциянын долбоорунда «Кытайга репрессиялары үчүн чара көрүү» талап кылынган.

Этникалык казак Орынбек Коксебек 2017-жылы бир нече ай Шинжаңдагы лагерлердин биринде камакта болгон. Ал Кытайган барган кезинде колунда Казакстандын паспорту болгон. Буга карабай Чугучак шаарында камакка алынып, лагерге жөнөтүлгөн.

«Жети күн бою колумдагы кишенди чечишкен жок, - дейт ал. - Анан абактан алып чыгып, кудукка отургузушту. Төрт адам башыман ылдый суу куйду. Ошол жерде кишенделип турдум. Анан эсимден танып жыгылдым».

Лагерде кандай запкы көргөнүн баяндап берип жаткан Орунбек Шинжаңдагы абалды геноцид катары таануу сунушун колдойт. Ал башка өлкөлөр да АКШнын жолун жолдоп, Бээжинге экономикалык чара көрүп, Шинжаңда лагерлерге камалган бардык адамдар бошотулуп, аларга кенемте төлөнүшү керек деген ойдо.

«Ал жакта канча деген мусулмандар запкы көрүп жатышат, - деп сөзүн улантты Орунбек. - Мечиттерди жаап, маркумдарга жаназа окууга тыюу салып жатышканын өз көзүм менен көрдүм. Мындай аракеттери үчүн Кытай АКШга гана жооп бербей, мага окшоп жабыркаган казактарга жасагандары үчүн жооп беришин каалайм. Жок дегенде кенемте төлөшү керек. Менин ден соолугум талкаланды. Төрт жыл иштей албадым. Бир жума мурун кароолчу болуп ишке кирдим. Эки бөйрөгүмдү талкалап салышкан, мен тукум улай албай калдым».

Бул жумада АКШда сенаторлор тобу Бээжиндин Шинжаң-уйгур автоном районунда аз улуттардын өкүлдөрүнө көрсөткөн аракеттерин «геноцид» деп тааныган резолюциянын долбоорун сунушташты.

Документтин авторлорунун бири, Орегон штатынын сенатору Жефф Меркли шейшембиде жарыялаган пресс-релизде «резолюциянын максаты - Кытайды БУУнун 1948-жылы кабыл алынган Геноцид кылмышын алдын алуу конвенциясынын алкагында жоопко тартуу» деп белгиленет.

«Кытайдын уйгурлар менен башка мусулман азчылыктарын куугунтуктаганы, көзөмөл коюп, абактарга камап, кыйнап, «тарбия лагерлерине» зордук менен жөнөткөнү - бул айдан ачык геноцид. Америка унчукпай коё албайт».

Буга чейин сенатта Шинжаңдагы мусулмандардын абалы боюнча Бээжинге каршы экономикалык чараларды киргизүү документи каралган. 14-сентябрда АКШ Кытайда мажбурланган эмгектин негизинде өндүрүлгөн товарларды өлкөгө киргизүүгө чектөө салган. Бул жолку резолюция кабыл алынса, Бээжиндин саясатына карата эл аралык бирдиктүү процесстин башаты болуп калышы мүмкүн.

Анткен менен Кошмо Штаттарында жашаган казакстандык журналист Жолдас Орисбай бул резолюция менен АКШ биринчи кезекте өз кызыкчылыктарын коргоодо деп эсептейт.

«Экономикалык жактан көптөгөн өлкөлөр азыр Кытайдан көз каранды. Мындай шартта ал өлкөлөр АКШнын катарында Кытайга каршы чыга алышат деп ойлобойм. Кытайдын экономикасы азыркы маалда да беш пайыздык көрсөткүч менен калыбына келүүдө. Ошондуктан, алар Кытайдын тышкы соода-сатыгына кандай да болсо таасир этүү үчүн ушундай чарага барып жатышат».

3-ноябрда АКШда өтчү президенттик шайлоого Демократиялык партиядан ат салышып жаткан Жо Байдендин штабы да Бээжиндин аракеттерин «кыргын» деп баалап, шайлоодо жеңишке жетсе, Дональд Трамптын администрациясына караганда алда канча катаал чара көрүүгө убада берип келет.

Германияда жашаган этникалык казак Омирхан Алтын Шинжаңдагы окуялар бир топко жашырылып, эл аралык коомчулукка маалым болбогону Бээжиндин саясатына каршы убагында бирдиктүү чараларды кабыл алууну кечеңдеткенин белгилейт. Ал Казакстан да башында эч кандай аракет көрбөй койгонун сындайт.

«Анык кырдаал кандай болуп жатканы белгисиз эле. Көбү буга даяр эмес болчу. Казак бийлиги үчүн күтүүсүз болгон. Туура, так маалымат ала албай, ийин куушуруп отуруп беришкен. Кийин Тышкы иштер министрлигиндеги адамдар кырдаал канчалык оорлоп баратканын көрүп, ошондон кийин гана казактарга документ боюнча жардам бере башташкан. Бирок, ортодо убакыт өтүп кетти. Жакында Казакстан Кытайдан качып келген шинжаңдык казактар Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына бир жылдык мөөнөткө качкын макамын берди. 1-2 жыл мурун бул мүмкүн эмес эле».

Шинжаң, 2014-жыл
Шинжаң, 2014-жыл

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү лагерлерде негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы лагерлерде бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген.

Кытай өз кезегинде бул лагерлерди «тарбиялоо жана кесипке даярдоо борборлору» катары мүнөздөп, мындай чаралар терроризм жана экстремизмге каршы күрөш үчүн керектигин белгилейт.

БУУнун 1948-жылы кабыл алынган Геноцид кылмышын алдын алуу конвенциясы мамлекеттерди «этникалык кыргынга» каршы күрөшүүгө чакырат. Анда геноцид деп бир улуттун, этникалык, расалык же диний топтун өкүлдөрүнө кыянаттык кылуудан тышкары, бала төрөтүнө каршы колдонулган аракеттер да эсептелет.

Быйыл июндун соңунда Кытай боюнча эксперт Адриан Зенцтин Шинжаңдагы абал боюнча баяндамасы жарыкка чыккан. Анда жергиликтүү бийлик уйгур аялдардын төрөтүн чектеп, стерилизациядан мажбурлап өткөрүп жатканы айтылат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG