Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы алкоголдук ичимдик чыгарган монополист компаниялардын кеңселери менен Мамлекеттик салык кызматына тинтүү жүргүздү. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда тинтүү Бишкек шаары, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарында арак чыгарган заводдор менен кампаларда болгон.
Натыйжада жалпы суммасы 100 миллион сомдук 460 миң арак өндүрүмү алынды. УКМК ошондой эле жеке үйлөрдө уруксатсыз алкоголдук ичимдик өндүрүп саткандарды да текшерди. Азыркы тапта акциздик маркалардын аныктыгы такталып, мамлекетке келген зыян эсептелүүдө.
Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктерди чыгарган эң ири компания - «Аюу Холдинг». Анын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов «Кыргызстан» партиясынын курамында парламенттин VII чакырылышына депутаттыкка ат салышкан.
4-октябрда парламенттик шайлоодон кийин анын жыйынтыгына нааразы толкундоолор болуп, 6-октябрда бийлик кулаган. УКМКнын жетекчилигине «Мекенчил» партиясынан Камчыбек Ташиев дайындалган. (BCh)
Дагы караңыз УКМК Ташиевдин Жапаровду камоо тууралуу жазганын төгүндөдү Дагы караңыз Башкы ветеринар Жумаканов баштаган кызматкерлер УКМКнын тергөө абагына киргизилди Дагы караңыз УКМК: Коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөйт