Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Башкы ветеринар Жумаканов баштаган кызматкерлер УКМКнын тергөө абагына киргизилди


Калысбек Жумканов, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси.
Калысбек Жумканов, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов менен кошо мекемеге караштуу башкармалыктын, бөлүмдүн жана лабораториянын башчылары кармалды. Бул тууралуу 30-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кармалгандар туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкан деп шек саналууда. Атайын кызмат азыр соттук териштирүү жүрүп жатканын, мамлекеттик сатып алуу системасы аркылуу малды эмдөө үчүн биопрепарат жана вакцина сатып алууда мамлекетке пайдасыз келишимдер жең ичинен түзүлүп, бюджеттен акча өөнөлгөнүн кабарлады. Эсеп палатасынын аудити бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу боюнча бир эле фактынын негизинде мамлекетке 31 миллион сомдук зыян келтирилгенин аныктаганын кошумчалады.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы өлкөдө мал-жандык арасында түрдүү ылаңдын жайылбоосуна жана азык-түлүктүн коопсуздугуна жооп берет. Мекеме өкүлдөрүнөн УКМКнын билдирүүсү боюнча расмий комментарий боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG