Венгрияда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланып, жаңы чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Ал ооруканаларды жетиштүү орун менен камсыз кылуу жана жашы өткөндөрдү коргоо үчүн чара көрүлгөнүн билдирди. Өзгөчө абал 4-ноябрдын түнү башталып, 15 күнгө созулат.
Орбан өзгөчө абалдын мөөнөтүн дагы 90 күнгө узартууну парламентке сунуш кыларын билдирди.
Венгрияда март айында коронавируска байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган.
Ашкере оңчул саясатчы катары таанымал Виктор Орбан өз бийлигин бекемдөөдө деген сынга кабылган. Өзгөчө абал учурунда венгер премьери өлкөнү парламенттин макулдугу жок эле чукул декреттер менен башкарууга мүмкүнчүлүк алат.
Дагы караңыз
АКШ: Невада штатында добуштарды саноо 5-ноябрга чейин токтотулдуCOVID-19: Европа АКШдагы шайлоого байланыштуу эпидемиологиялык коопсуздук чараларын күчөттүБУУ Венадагы кол салууну кескин айыптадыБишкек мэриясы: Жер үчүн ижара акысын төлөбөй жүргөндөрдүн карызы 380 миллион сомго жетти