Блогер Сыдымановдун сотуна экспертиза жүргүзгөн адистер чакырылмай болду

Элмир Сыдыманов.

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогер Элмир Сыдымановдун иши боюнча процесс уланды. Анда адвокат экспертиза жүргүзгөн адистерди чакыруу өтүнүчүн келтирди. Судья бул өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 18-ноябрга белгиледи.

Адвокат Али Магеев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, психиатриялык-психологиялык-лингвистикалык комплекстүү экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Психиатр блогердин акыл-эси соо деген бүтүм чыгарган.

Ал эми психологдун жана лингвисттин бүтүмдөрү боюнча суроо жаралып жаткандыктан аларды кийинки отурумга чакыруу өтүнүчү келтирилди.

Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал быйыл февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.

Экспертиза Сыдымановдун сөздөрүндө кастыкты козутуу барбы-жокпу, аныкташ үчүн дайындалган. (RK)

Дагы караңыз

Кечирим суратуунун кезектеги ыкмасы Блогер Сыдыманов психиатриялык экспертизадан өткөрүлөтАкыйкатчы: Блогер Сыдымановдун иши көзөмөлдөСыдымановдун апасы: Түштүктүн кызымын, уулум кастыкка чакырган эмесБлогерди каматкан талаштуу сын