Жуматаева: Январда пенсияны төлөө кыйын болушу мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт.

17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2019-жылдагы ишмердиги тууралуу отчёту берилип, 2021-жылга карата божомолдор айтылды. Фонддун жетекчисинин орун басары Гүлнура Жуматаева бюджеттеги тартыштыктан улам социалдык төлөмдөр кечигиши мүмкүн экенин айтты:

«Биз Социалдык фонддогу чыгашаларды оптимизациялоону сунуштап жатабыз. 2019-жылы 47 миң жаран пенсияга чыкты. Алардын жарымы жашына жетпей эле чыкты. Муну кайра карап чыгышыбыз керек. Болбосо пенсионерлердин саны көбөйө берет».

2019-жылдын эсеби боюнча Кыргызстанда 651 миң пенсионер бар. 2020-жылы социалдык төлөмдөр азайып кеткендиктен, камсыздандыруу төлөмү 2 миллиард 700 миллион сомго кемиген.

«Мындай кыскаруу пенсияны убагында бере албай калуу коркунучун жаратат. Салык кызматынан төлөмдөрдү башкарууну жакшыртууну суранып жатабыз», - деди Жуматаева. Ал ошондой эле 2021-жылдын январь айында пенсиялык төлөмдөрдү убагында бере албай калышса, Финансы министрлигинен колдоо сурай турганын да кошумчалады.

Социалдык фондго төлөмдөр 2020-жылдагы пандемиядан улам келип чыккан экономикалык каатчылыктын айынан кемигени айтылды. (BCh)

Дагы караңыз

Журналист Жаныбек Жанызак каза болдуТалапкер Жапаровду коштоп жүргөнү кеп болгон коопсуздук кызматкерлери боюнча БШКга арыз түшө элекТранспорт жана жол министрлигине караштуу агенттиктин бөлүм башчысы кармалдыКыргыз ишкерлери Орусияга кача баштадыДастан Бекешев парламентаризмди жактап үгүт жүргүзүү үчүн БШКга арыз берди