Ош аэропортунун аймагында коюу туман тарап, учактар кабыл алына баштады

«Манас» эл аралык аэропортунан көтөрүлгөн учактардын бири.

Коюу тумандан улам учактарды учуруу жана кабыл алуу иштери убактылуу токтогон Ош эл аралык аэропорту кайрадан штаттык режимде иштей баштады.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Ошто аба майдандын аймагында туман тарап, аба ырайы турукташып калганын билдирди.

28-декабрда эртең менен коюу туманга байланыштуу аэропортко коно турган жана уча турган бир нече авиакаттамдар кармалган.

Учуу жана конуу түштөн кийин калыбына келди. (NT)

Дагы караңыз

УКМК: Чүйдүн жол инспекторлору «Ак Тилек» бекетиндеги жемкорлук боюнча кармалыштыТрамп экономиканы колдоо чаралары тууралуу мыйзам долбооруна кол койдуЖаныбек Бекназаров президенттик аппараттын сот тармагын тескөө бөлүм башчысынын кызматынан бошотулду