Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Жаныбек Бекназаров президенттик аппараттын сот тармагын тескөө бөлүм башчысынын кызматынан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жаныбек Бекназаров президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын кызматынан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы өткөн аптада билдирди. Анда Жаныбек Бекназаров кызматтан өзү берген арызынын негизинде бошотулганы айтылган.

Бекназаров кызматка ноябрдын башында дайындалганы белгилүү болгон. Бирок президенттик аппарат бул дайындоо тууралуу ачык маалымат берген эмес.

Бекназаров президенттик аппараттын бөлүм башчысы болуп келгени маалым болгондон кийин Жалал-Абаддагы «Санпа шейиттери» коому ага нааразы болуп бийликке кайрылган.

Алар он жыл мурда Жаныбек Бекназаров Сузак райондук сотунун төрагасы болуп турган кезде Санпадагы кандуу окуяны уюштурган деген шек менен камалган, оор беренелер боюнча айыпталган Усманжан Аблазовду үй камагына чыгарып, туура эмес кадамга барганын айтып чыгышкан. Соттор кеңеши «кызматтан алынсын» деген корутунду чыгарганы менен Бекназаров сот системасынан кетпегенине нааразылык билдиришкен.

Анын президенттик аппараттын сотторду тескеген бөлүмүн жетектөөгө моралдык укугу жок экенин белгилешкен.

Жаныбек Бекназаров өз дарегине айтылган дооматтарга комментарий берген эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG