Кийинки жылды «Мекендештерди колдоо жылы» деп жарыялоо сунушталды

Орусиянын Башкырстан Республикасындагы кыргызстандык эмгек мигранттары.

Кыргызстанда 2021-жылды «Мекендештерди колдоо жылы» деп жарыялоо тууралуу демилге көтөрүлдү.  

Бул тууралуу спикердин алдында түзүлгөн Миграция, мекендештер жана чет мамлекеттердеги диаспоралар боюнча кеңештин жетекчиси  Медер Рахман парламент радиосундагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, соңку он жыл аралыгында сыртта иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 19 млрд. доллар которду. Ушул эле мезгилде өлкөгө 8,3 млрд. доллар инвестиция тартылган.  

Рахман «Мекендештер - инвесторлор» ассоциациясын түзүү боюнча да демилге көтөрүлүп,  мигранттарга пенсия чегерүү тууралуу Орусия, Түркия, Корея менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады. 

2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. (NT)

Дагы караңыз

Ухандагы эпидемияны чагылдырган жарандык журналист төрт жылга кесилди Баку Тоолуу Карабакта бир жоокери окко учканын билдирди«Азаттык» тасма тартып келген алыскы айылга жаңы мектеп курулмай болдуОрусия менен Өзбекстан миграция боюнча макулдашууга кол коюшту