Президенттик шайлоо: Аймактарга жана чет жактагы добушканаларга бюллетендер жиберилди

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добушканалардын биринде бюллетендерди эсептөө учуру.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди.

БШКнын маалыматына караганда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына, чет өлкөдөгү добушканаларга бюллетендерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына ушул күнү кол коюлду.

Президенттик шайлоого карата жалпы 3 567 138 бюллетень даярдалды. Андан тышкары Брайл шрифти менен даярдалган 4948 бюллетень бар.

Жалпысынан Бишкек шаарына 417 341, Ош шаарына 151 168, Жалал-Абад облусуна 667 265, Ош облусуна 723 620, Баткенге 297 574, Нарынга 202 710, Ысык-Көлгө 308 091, Таласка 158 054, Чүйгө 592 155, чет өлкөлөрдөгү участокторго 49 160 бюллетень жиберилди. Референдумга да ушунча бюллетень даярдалып, жөнөтүлдү.

Бюллетендердин саны 2-январында «Тизме» (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелгени айтылды.

Бюллетендер «Учкун» ачык акционердик коомунда күнү-түнү басылып, ага БШК мүчөлөрү, кызматкерлери, жумушчу топтор мониторинг жүргүзүп, УКМК жана ИИМ кайтарганы кабарланды.

Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө.

10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөнү жатат. (NT)

Дагы караңыз

БШКнын жумушчу тобу КТРКга айыппул салууну сунуш кылдыДубайда жетекчисинин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандыктын соту уланууда"Pfizer/BioNTech" вакцинасы Казакстанда жылдын экинчи жарымында гана колго тийет