Жалал-Абадда талапкер Курсан Асановдун штабындагы баннери алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Талапкердин шаардык штабынын сыртында илинип турган баннерин «алып койгула» деген коркутуудан улам штаб жайгашкан имараттын ээси аны алып салууга мажбур болгон. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттикке талапкер Курсан Асановдун Жалал-Абад шаардык штабынын төрөгасы Таалайбек Мадаминов маалымдады:

«Штаб үчүн имаратын ижарага берген кишини белгисиз бирөөлөр телефон чалып, коркутушкан. Ал үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, бизден өтүнгөнү үчүн бүгүн баннерди алганга мажбур болдук. Ишкерге буга чейин да белгисиз жаран телефон чалып, баннерди алып салышын талап кылган экен. Кийинчерээк үй-бүлөсүнүн коопсуздугу менен коркутууга өткөн».

Талапкердин Бишкектеги борбордук штабы буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК), ошондой эле укук коргоо органдарына жана прокуратурага расмий кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдум 10-январда өтөт. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда. (TB)

Дагы караңыз

«Манас»: Бишкек-Ош каттамындагы учак техникалык себептерден улам кайтып келгенБишкектеги ыш боюнча ЖЭБдин жооптуу адамдарына карата тергөө иши башталдыКыргызстандагы президенттик шайлоого жана референдумга 400гө жакын эл аралык байкоочу катталдыЖоржиядагы шайлоо: демократ талапкер алдыда БШК: Шайлоочулардын көбү Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарында жана Бишкекте катталганКытай ДССУнун эксперттерин киргизген жок