Ак-Талаада акимди тапанча менен опузалаган жаран камалды

Ак-Талаа райондук администрациясынын имараты.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Талаа райондук администрациясына мас абалында кирип барган жаран тапанча менен акимди коркутканын кабарлады. Окуя 12-январда болгон.

Акимдин иш бөлмөсүнө кирип барып, опузалаган киши жергиликтүү 42 жаштагы тургун экени аныкталды. Анын жанынан пневматикалык тапанча табылган. Куралдын ээси ким экендигин тастыктаган документ болгон эмес.

Аким Сейтек Кулубаев "Азаттыкка" билдиргендей, опузалаган адам алгач райондук администрациянын имаратында жайгашкан Аймактык шайлоо комиссиясынын адистерин издеген. Аларды таппагандан кийин акимдин бөлмөсүнө кирип барган. Ал жерде иштегендер милицияга кабар беришкен.

"Тапанчасын алып чыгып такаганда эле колун толгоп, кайрып куралды алып койдум. Бөлмөдөн чыгып кетишин талап кылган учурумда милиция кызматкерлери келишти",- деди аким.

Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Акимди коркутканы айтылган адам эки айга райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ак-Талаа райондук администрациясы Баетов айылында жайгашкан. (BsB\SE)

Дагы караңыз

Дача СУ кырсыгы: жообу жок суроолор Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эки миллиондон ашты"WhatsApp" жаңыртылган купуялык саясатын ишке ашырууну кийинкиге калтырдыӨлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделдиУКМК Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалганын кабарлады (видео)Ура-а! “Википедия” 20 жашка толду!«Клооп» 210 шайлоо участогунун добуштарын жокко чыгарууга аракеттенетФонограмманы тыюу сапатка умтулуубу же чектөөбү?